Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүп жатат


Ашхабаддагы шайлоо участокторунун бири.
Ашхабаддагы шайлоо участокторунун бири.

Түркмөнстанда 12-мартка белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо күнү өлкөнүн борбору Ашхабадда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, көпчүлүк базарлар добуш берүү аяктаганга чейин жабылды.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын Ашхабаддагы кабарчысы шаардагы “Алемгошар”, “Парахат”, “Азаттык” жана “Ак жол” базарлары жабык турганын билдирди.

Президенттик шайлоого эки күн калганда базарлар капысынан ишин токтотуп, борбор калаанын тургундары азык-түлүктү жана күнүмдүк товарларды чакан дүкөндөрдөн издөөгө аргасыз болушту.

"Тургундар базарлар жабылганын тамак-аш алганы келгенде гана билди. Бул алар үчүн күтүүсүз болуп кошумча кыйынчылыктарды жаратты. Чакан соода түйүндөрүндө эт, нан, пияз, картөшкө, жумуртка жана өсүмдүк майы сыяктуу негизги азыктар тартыш болууда", - деди шаардыктардын бири «Азаттык» радиосуна.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов президенттикке негизги талапкер.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү 12-мартта эртең мененки саат 7де башталып, кечки саат 9да аяктайт.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, өлкө боюнча 3 миллион 434 миң 762 шайлоочу катталган, алардын 98 миң 940тан ашууну быйыл биринчи жолу добуш берет.

БШК ошондой эле Түркмөнстанга 50дөн ашык эл аралык байкоочу келип, добуш берүү жараянына көз салып жатканын билдирди.

Эл аралык байкоочулардын курамына КМШ, ШКУ, Ислам кызматташтык уюмунун, Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү кирет.

Буга чейин 8-мартта ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу Түркмөнстанга мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого баа берүү үчүн байкоочулар миссиясы жиберилбей турганын жарыялаган.

Кошумчалай кетсек, ЕККУнун бул чечими Түркмөнстандын шайлоо процессинде плюрализмди камсыздоо жана негизги адам укуктарын сактоо боюнча уюмдун сунуштарын эске албаганы менен байланыштуу экенин белгиледи.

Эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар Түркмөнстанда боло турган шайлоону бийликти атадан балага өткөрүү аракети катары баалашууда.

Бул шайлоодо Түркмөнстандын саясий турмушунда буга чейин байкалбаган дагы башка сегиз талапкер азыркы президенттин уулу Сердар Бердымухамедов менен эң жогорку мамлекеттик кызматка ат салышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG