Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Болот Темировго козголгон кылмыш иштери, тендер тууралуу иликтөө


Болот Темировду кармоо учуру, аны бошотууну талап кылган акция. Январь, 2022-жыл. Коллаж.
Болот Темировду кармоо учуру, аны бошотууну талап кылган акция. Январь, 2022-жыл. Коллаж.

Тemirov LIVE компаниясынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темировго дагы эки кылмыш иши козголду. Ал 20-апрелде шаардык милицияга сурак берип чыкты. Милиция анын баңгизат сактоо боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө башка дагы мыйзамсыз иштер аныкталганын билдирди.

Темиров муну Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасынын туугандарынын аты аталган журналисттик иликтөөлөрү менен байланыштырып жатат.

Бишкек шаардык милициясы журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси ("Документти жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү") боюнча кылмыш иштерин козгогон.

Милициянын маалыматына ылайык, Болот Темиров 1996-жылы 16 жашка чыкканда Орусиянын жарандыгын алган. Ал орус паспортун 2002, 2007, 2014-жылдары жаңырткан. Орусиянын жараны болуп туруп, Кыргызстандын паспортун жасалма документтердин негизинде алган.

“Кыргызстандын жараны деген паспорт алуу максатында 2008-жылы 11-июлда паспорт бөлүмүнүн кызматтык адамдары менен сүйлөшүп, Өзгөн аскер комиссариатына таандык жасалма аскердик билет тапшырган. Коргоо министрлигинде Болот Темиров аскердик кызмат өтөгөнү тууралуу маалымат жок. Андан тышкары Темиров орус жарандыгын жашырып, 2008-жылы 24-июлда жасалма күбөлүк тапшырган. Кийин бир канча жолу паспортун жаңырткан. Жасалма документтердин негизинде алган паспорту менен мамлекеттик чек арадан элүүдөн ашык жолу өткөн жана мамлекеттик кызматта иштөөгө үлгүргөн”.

Темировго жаңы кылмыш иштери 18-апрелде ал жетектеген Temirov LIVE редакциясы Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялагандан кийин козголду.

Темиров өзү да муну журналисттик иликтөөсү менен байланыштырууда.

Болот Темиров.
Болот Темиров.

“Биринчиден, бул 14 жыл мурдагы иш. Мунун соттук келечеги деле жок, анткени бул иштин эскирүү мөөнөтү үч жыл. Милициянын айтуусунда, паспорт алыш үчүн аскердик билет, убактылуу күбөлүктү жасапмын. Мага паспорт берген негизги документ – Кыргызстанда туулгандыгым тууралуу күбөлүк. Мен кыргыз жарандыгын алганга укуктуумун. Расмий документ менен чек арадан өткөм. Кантип мыйзамсыз өтүү болуп калат? Аскердик билетти изилдеш керек, мен мыйзамдуу эле алгам. Алар баңгизат таштагандан кийин кагаздарды алмаштырып койгонго дагы мүмкүнчүлүгү бар. Ооба, менде Орусиянын дагы паспорту бар. Буга мыйзам жол берет. Кыргызстанда ар бир үчүнчү кишинин орус паспорту бар. Ачыктан-ачык куугунтук деп баалайм. Ташиев жөнүндө иликтөө жарыяласак эле эртеси кылмыш ишин ача калышат".

"Кыргызстандын Бириккен демократиялык кыймылы" журналистке козголгон жаңы кылмыш иштерин "сөз эркиндигине кысым" деп баалаган билдирүү таратты.

Адвокат Нурбек Токтакунов да кылмыш ишин "куугунтук" деп мүнөздөдү.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

“Бул иликтөөгө болгон жооп, жөн гана шылтоо. Кимди гана болбосун казса, шылтоо табылат. Камчыбек Ташиевдин кызыкчылыгы болгондо изилдейт да. Бул иштин мөөнөтү да өтүп кеткен. Бирок азыр мыйзам, укук жөнүндө айткандын мааниси болбой калды. Бир окуя бирөөлөргө төңкөрүш, бирөөгө революция. Ошондуктан иштин мөөнөтү өткөн деп сүйлөй берсе болот, бирок мыйзамдын принциптери иштебейт”.

Болот Темиров Кыргызстанда төрөлүп, кийин ата-энеси менен Орусияга кеткен. Мектепти Орусиядан аяктап, Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн.

2008-жылы Кыргызстанга кайтып келип, Улуттук телерадио берүү корпорациясында (КТРК), 5-каналда жана президенттин администрациясында жана башка жалпыга маалымат каражаттарында иштеген.

Быйыл жыл башында Ички иштер министрлиги Болот Темировго жана анын Тemirov LIVE компаниясында иштеген төкмө акын Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси ("Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү") менен кылмыш ишин козгоп кармаган.

Эртеси жарандык коомдун нааразылык акциясынан кийин экөө тең чет жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулган.

Мунун алдында дагы Temirov Live YouTube каналы “Кыргызнефтегазга” караштуу "Кыргыз Петролеум Компаниге" атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын катышы тууралуу иликтөө жарыялаган. "Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деп аталган журналисттик иликтөөдө бул компания мазутту экспорттоп, эки күндүн ичинде миллиондогон сом тапканы баяндалган.

Ишкананын башчысы жана Камчыбек Ташиев журналисттер тапкан коррупция тууралуу дооматтарды четке каккан.

Temirov Live YouTube каналынын акыркы иликтөөлөрүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сындап чыкты. Анын айтымында, журналист манипуляция менен алектенип жатат.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

"Мен бийликке каршы чыкканым үчүн кылмыш иштер козголуп жатат деп жатат. Бул кишилер коррупцияга каршы күрөшүү үчүн репутациясы таза болуш керек. Өздөрү Бакиевдин катчылыгында, 5-каналында иштеп жүргөн. Көрсө, аскердик билетти, паспортту сатып алганбы, жасатканбы иштери бар экен. Эми ошону жабыш үчүн саясатташтырып, курмандык катары көрсөткүсү келүүдө. Ал эми иликтөөлөрүндө шек жарата турган эч негиз жок. Өздөрүнүн иштерин жаап-жашыруу үчүн манипуляция кылып жатышат".

Президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, Ташиевдин жакын санаалашы Нургазы Анаркулов Темиров журналисттик иликтөө жасабай эле, "бийликтин кадырын кетирүү менен алектенип жатат" деген пикирде.

“Булардыкы баштан-аяк бир тараптуу. Журналисттик этиканы сактаса, экинчи тарапты дагы бериш керек болчу. Акыркы Ташиевдин баласы уткан тендер боюнча айтсам, Таймурас Ташиев эки тендерге катышыптыр. Тапкан кирешеси 9 миң сом экен. Башка компаниялар мындай майда тендерге катышпай жатса, ал макул болуп, бийлик органдарына жардам берип жатса эмнеси жаман?”.

Буга чейин Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Улукбек Шүкүрбеков Орусия жарандык бергендерге баштапкы жарандыгынан сөзсүз чыгууну талап кылбай турганын билдирген.

Кош жарандык кайсы бир өлкө менен атайын макулдашуу болсо гана берилет, Кыргызстанда бир да мамлекет менен андай келишим жок.

Кыргызстандын четте жүргөн миллионго чукул жаранынын көбү Орусияда экени айтылып келет.

Журналист Болот Темиров 2018-жылдан тарта “FactCheck.kg” cайтынын башкы редактору болуп иштеп, коррупцияга каршы иликтөөлөрдү жасаган. Аны 2020-жылдын 9-январында Бишкекте белгисиз адамдар сабап кеткен. 2021-жылы АКШнын Мамлекеттик департаментинин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыгына татыган.

2021-жылдан бери ал Тemirov LIVE каналын негиздеп, журналисттик иликтөөлөрдү жарыялап келет.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG