Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Бекешев: Бишкектин түштүгүнө курулуп жаткан үйлөрдүн экологиялык кесепети оор болот


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 21-апрелдеги отурумунда, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу борбор калаанын экологиялык абалын коркунучка кептеп жатканын билдирди.

"Кышында Бишкектеги экология көйгөйү дайыма көтөрүлөт. Жогорку Кеңеш бир катар токтомдорду кабыл алган. Президент экологиялык коопсуздукту камсыздоо жөнүндө жарлыкка кол коюп, бийик кабаттуу үйлөрдү долбоорлоону карап чыгууну тапшырган. Азыр жаңы Ак үйдү салып бергендерге Бишкектин түштүгүнөн 16 гектар жер берилип жатат. 16 гектарга үйлөр салынса, кышында эмне болорун түшүнүп жатасыздарбы?".

Депутат борбор калаада сейил парктарын көбүрөөк курууну сунуштады.

Бишкек шаарынын түштүгүндөгү мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна жаңы Ак үйдүн курулушу башталды.

Президент Садыр Жапаров 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрө турганын, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер берилерин билдирген. Инвесторлорго Бишкектин кайсы жеринен 16 гектар жер бериле турганы азырынча белгисиз.

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча жаңыдан түзүлгөн дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбековдун айтымында, жер шаардын түштүк тарабында жайгашкан.

Бишкекте акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Айрым күндөрү дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек сап башына чыгат. Абанын булганышынын бир себеби катары автоунаалар экени айтылып жүрөт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG