Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Парламентте Таластагы Кичи-Капка чек ара бекетин ачуу маселеси көтөрүлдү


Талас. Чоң-Капка бекети.
Талас. Чоң-Капка бекети.

Талас облусундагы кыргыз-казак чек арасында жарандардын жана жүк ташуучу унаалардын өтүүсүндө көйгөйлөр жаралууда. Бул тууралуу депутат Дастанбек Жумабеков парламент отурумунда билдирди.

Депутаттын айтымында, ушул күндөрү жарандар чек арадан төрт-беш саатта өтүп жатса, кезек күткөн жүк ташуучу унаалар жүздөн ашып, жумалап туруп калууда.

"Чоң-Капка өткөрүү пункту менен эл дагы жүк ташуучу унаалар дагы өтүп, кезек көп болуп жатат. Анын жанында Кичи-Капка деген бекет бар. Бул бекет ачылса, эл коңшу мамлекетке каттап, соода-сатык кылып турганга жакшы шарт түзүлмөк. Кичи-Капка 2019-жылы эле ачылмак. Бирок пандемия болуп токтоп калган".

Чек ара бекетин ачууда Казакстан тараптын бардык инфраструктурасы даяр экени айтылып, Кыргызстанга бажы бекетин Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ылайык келтирүү талабы коюлган.

Акыркы айларда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болууда.

11-апрелде Казакстан пандемияга байланыштуу эки жыл мурун киргизилген чек арадагы чектөөнү алган. Жүргүнчүлөргө жол ачылганы менен жүк ташыган машинелерге тоскоолдук күчөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG