Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Мектеп, мугалим жана окутуу сапаты: бүгүн өзгөрбөсө, эртең кеч


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда билим берүү тармагы оор мезгилди баштан кечирүүдө. Өзгөчө мектептеги билим берүүдө көйгөй көп - мугалимдердин, окутуунун сапаты, билим берүүнүн бардык баскычтарында жетекчилердин дараметинин төмөндүгү, мектептеги билим берүүнү башкаруунун жана каржылоонун заманбап ыкмаларынын жоктугу.

Бул макалада "KG Аналитика" коомдук фондунун эксперттери мектептеги билим берүүнүн көйгөйлөрү тууралуу сөз кылып, ошондой эле заманбап, дүйнөлүк алкакта атаандаштыкка жөндөмдүү кыргызстандыкты тарбиялоо жана калыптандыруу үчүн билим берүү системасын реформалоо жолдорун сунушташат.

Бул сереп ачык статистикалык маалыматтарды (улуттук жана эл аралык) талдоонун, Кыргызстандын билим берүү секторун өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоочу мамлекеттик документтердин, мектеп билим берүү чөйрөсүндөгү программалардын, ченемдик укуктук актылардын, изилдөөнүн негизинде даярдалган.

Эмне үчүн жакыр жашайбыз?

Кыргызстандын калкы 6,6 миллион киши, анын үчтөн экиси айыл жеринде жашайт. 15 жашка чейинкилер калктын 30 пайызын түзөт. Кыргыз жаранынын орточо курагы 27,5 жаш.

2030-жылга карата калктын жалпы саны 7,5 миллионго жетиши мүмкүн. Жаш муундун саны өсөт.

2,2 миллионго жакын адам жакырчылыкта жана жакырчылыктын чегинде жашайт. Бир миллионго жакыны эмгек миграциясында жүрөт. Эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү квалификациясы жок жумуштарда иштейт.

2020-жылы жан башына киреше боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстандын экономикасы 181 өлкөнүн ичинен 151-орунду ээлеген. Кыргызстанда киши башына ИДӨ (1173$) Казакстандан дээрлик 8 эсе, Орусияга караганда 9 эсе, Эстонияга караганда 20 эсе аз.

2018-жылы Кыргызстандын калкынын эрезеге жеткен бөлүгүнүн компетенттүүлүгүн баалоо боюнча эл аралык программасынын жыйынтыктары көрсөткөндөй (The Programme for the International Assessment of Adult Competencies, PIAAC), калктын дээрлик 60% тилдик жана математикалык сабаттуулугу "биринчи жана андан төмөн" деңгээлине ээ (Баардыгы үч деңгээли бар. Анын ичинен минималдуу түрдө керек болгон экинчиси талап кылынат).

Бул деген Кыргызстандагы калктын эрезеге жеткен бөлүгүнүн 60% жок эле дегенде "негизги сөз байлыгы бар, сүйлөмдөрдүн маанисин түшүнүп, тексттердин абзацтарын окуйт" деңгээлинде экенин жана "санап, ылгап, жөнөкөй арифметикалык амалдарды” аткара алат дегенди билдирет.

PIAAC
Эрезеге жеткендердин компетенттүүлүгүн баалоо боюнча эл аралык программа - дүйнө жүзү боюнча эмгекке жарамдуу курактагы калктын кесиптик көндүмдөрү менен компетенттүүлүктөрүн баалайт. Компетенциялар эмгекке жарамдуу курактагылар жеке жашоодо же жамааттык максаттарга жетиш үчүн колдонулган көндүмдөрдүн, билимдер менен мамилелердин жыйындысы катары түшүндүрүлөт.

Кыргызстандын эрезеге жеткен калкынын дээрлик 98% "технологиялык жактан бай чөйрөдө маселени чечүү" (же маалыматтык жана коммуникативдик көндүмдөр) "биринчи жана андан төмөн" деңгээлине ээ (Анын үч гана деңгээли болот. Алардын ичинен минималдуу экинчи деңгээли керектүү). Бул Кыргызстандын эрезеге жекендердин 98% "кеңири таралган жана тааныш технологиялык тиркемелерди колдонууда электрондук почта же веб-браузер сыяктуу жөнөкөйлөрү" менен гана иштей алат дегенди билдирет.

Кыргызстандагы жумушчулардын эмгек өндүрүмдүүлүгү (бир жумушчу тарабынан иштелип чыккан продукциянын саны) Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн. Мисалы, Кыргызстандын жумушчуларынын эмгек өндүрүмдүүлүгү Орусия менен Казакстанга караганда 4 эсе, Эстонияга караганда 5 эсе төмөн.

Кыргызстанда адамдык капиталдын индекси 0,58. Башкача айтканда, учурда Кыргызстанда төрөлгөн бала, толук билим алып, ден соолугу чың болуп эрезеге жетсе, өндүрүмдүүлүгү 100% ордуна 58% деңгээлинде болот.

Кыргызстанда жогорку жана орто билимдүүлөрдүн эмгек акысынын деңгээлиндеги айырмасы 9% гана түзөт. ЭКӨУ өлкөлөрүндө бул айырма орточо 50 пайыздан 100 пайызга чейин. Балким, мунун себептеринин бири - жогорку билимдин сапатынын начардыгы.

ЭКӨУ (OECD) - Европа, Азия жана Латын Америкасынын 37 өлкөсүн бириктирген Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму.

Квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги

Жыл сайын 50 миңге жакын жаштар эмгек рыногуна чыгышат. Ошол эле учурда жумуш берүүчүлөр квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилешет. Адистердин айтымында, рынокко чыккан жаштардын квалификациясын жогорулатуунун эң мыкты, кыска жолу - бул билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.

Эмне үчүн эрезеге жеткендердин функционалдуу сабаттуулугу менен эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн деңгээли төмөн?

Мектептеги билим берүү системасындагы айрым жетишкендиктерге карабастан (балдарды мектепке тартуунун жогорулашы, бала бакча менен мектептердин, билимге болгон чыгымдардын көбөйүшү, мугалимдердин маянасынын жогорулашы, камсыздоо абалынын жакшырышы, мектептердин компьютер, интернеттин ж.б. менен камсыздалышы), сапаты өзгөрүүсүз бойдон калган.

Билим берүү деңгээлинин төмөндүгү

Кыргызстанда 1 миллион 350 миң мектеп окуучусу бар. Башкача айтканда, өлкөбүздүн дээрлик ар бир бешинчи тургуну мектеп окуучусу. Мектеп жашындагы балдардын 6% жакыны саламаттыгы менен материалдык абалынын оордугуна байланыштуу окубайт. Алардын көбү - эмгек мигранттарынын балдары.

Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык жана улуттук системаларга ылайык, орточо эсеп менен, мектеп окуучуларынын 60% окуу, математика жана табият таануу боюнча функционалдык сабаттуулуктун негизги деңгээлине жетпейт. Бул мектеп окуучулары окуйт, жаза алат, санайт, бирок окуган маалыматтын маанисин түшүнбөйт жана алган билимин турмушта колдоно албайт дегенди билдирет.

Алсак, окуу сабаттуулугу боюнча тесттерде окуучулар үчүн эң татаал тапшырмалар катары текстти турмуш менен байланыштыруу, алган маалыматын иш жүзүндөгү маселелерди чечиш үчүн колдонуп, тыянак чыгаруу болгон. Окуучулар ачык суроолорго жооп берүүдө, ойлорун мисалдар аркылуу далилдей албай, тыянак чыгара алышкан жок.

Мектеп окуучулары арасында табигый илимдер - физика, химия, география жана биология боюнча эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болду. Кыргызстандын 15 жашар окуучулары ЭКӨУ өлкөлөрүндө жашаган теңтуштарынан, болжол менен 4,5 класска артта калган.

2009 -жылы мектеп окуучуларынын жетишкендиктерин эл аралык баалоосунун (PISA) жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 314 упай менен 65 өлкөнүн ичинен 65 -орунду ээлеген. Кыргызстан 2025 -жылы PISA программасына катышууну пландоодо.

Өлкөнүн билим берүүсүн өнүктүрүү программасына ылайык (2021 -жылдын майында Министрлер кабинети тарабынан бекитилген), 2040 -жылга чейин Кыргызстан PISA программасында 15 пунктка жогорулашы керек. Ошентип, бул Кыргызстанды 2019-жылдагы 65-орундан 2040-жылга чейин 50-орунга көтөрүү дегенди билдирет.

2009 -жылы Таиланд 50 -орунду (421 упай менен) алган (анда Кыргызстан 314 упай менен 65 -орунду ээлеген). 2018 -жылы Кипр 50 орунда (424 упай менен) болгон (2018 -жылы Кыргызстан программага катышкан жок). Буга ылайык, Кыргызстандын максаты 420 упайга жетүү деп билебиз.

Эстония 2009 -жылы 13 -орунду (501 упай менен), ал эми 2018 -жылы 5 -орунду (523 упай менен) алышы кызыгуу жаратат.

Айыл мектептерде билим берүүнүн сапаты шаардагы билим берүүнүн сапатынан кыйла артта. 2017-жылдагы окуучулардын билим жетишкендиктеринин улуттук баалоого ылайык, айыл мектептердин 4-класстын окуучуларынын 70 пайызга жакыны билимдин баштапкы деңгээлине жеткен эмес. Бишкекте мындай окуучулар 43 пайызды түзөт.

Мектептеги окуучулардын артта калуусуна мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдардын аз тартылышы түздөн-түз таасир этет. Алсак, үч жаштан беш жашка чейинки балдардын 22,2% гана бала бакчаларга барат.

Мугалимдердин айлыгы

Кыргызстанда 82 миң мугалим бар. Алардын үчтөн экиси айыл жеринде эмгектенет. Мугалимдердин 85% жакыны аялдар. Алардын дээрлик жарымын пенсияга чейинки жана пенсия курагындагылар (50 жаш жана андан жогору) түзөт. Жакынкы он жыл ичинде алар да жаш-курагына байланыштуу мектептен кетиши турган кеп.

Көптөгөн өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, мугалим үчүн татыктуу эмгек акы жок дегенде өлкөдөгү орточо эмгек акыга барабар деп эсептелет.

2021-жылы Кыргызстанда билим берүү тармагындагы орточо айлык эмгек акы (буга мамлекеттик жана жеке билим берүү мекемелеринин, ошондой эле илимий мекемелердин окутуучу жана окутуучулук эмес кызматкерлеринин эмгек акысы кирет) өлкөдөгү орточо эмгек акыдан болжол менен 20% төмөн болгон. Мамлекеттик башкаруу секторунда орточо айлык маянадан дээрлик 40% төмөн. Мисалы, 2020-жылы билим берүү тармагындагы орточо айлык акы 14 миң 764 сомду түзсө, республика боюнча орточо айлык 18 миң 940 сомду, мамлекеттик башкаруу секторунда орточо айлык 22 миң 879 сомду түзгөн.

Мамлекеттик мектептердин мугалимдеринин айлыгы тууралуу айтсак, Бишкек шаарындагы мугалимдин айлык акысы 7 миң сомдун тегерегинде болот. Орточо эсеп менен алганда, мугалимдин негизги эмгек акысы өлкөдөгү орточо айлык акыдан дээрлик 2,5 эсеге жана мамлекеттик кызматчынын орточо айлык акысынан 3 эсе аз. Көптөгөн мугалимдер бир жарым ставкага (айына 8,5 миң сомго жакын) иштөөгө аргасыз болуп, айыл жеринде мугалимдердин көбү көмөкчү чарба менен да алектенет.

Мугалимдердин айлык акысы сааттык тарифке байланган. Төлөөнүн бул принциби мугалимдерди көбүрөөк, бирок сапатсыз иштөөгө түртөт.

ЖОЖду бүткөндөрдүн 20 пайызы гана мугалим болуп иштейт

Жыл сайын өлкөгө 2 миңдей мугалим жетишпейт. Өзгөчө башталгыч класс, орус тили, математика, физика мугалимдери жетишсиз. Кыргызстанда мугалим болуп иштөө абройлуу эмес. 30 жашка чейинки мугалимдердин саны 10 пайыздан ашпайт.

Мектеп системасы өнүккөн өлкөлөрдө мектепти мыкты аяктаган бүтүрүүчүлөр мугалимдерди даярдоочу мекемелердин студенттери болуп калышат. Ошентип, Түштүк Кореяда мугалимдерди даярдоочу университеттерге мектеп бүтүрүүчүлөрдүн мыктыларынын 5% , Финляндияда 10%, Сингапурда жана Гонконгдо 30% алынат. Кыргызстанда педагогикалык ЖОЖдордун студенттери, адатта окуу көрсөткүчү төмөн мектеп бүтүрүүчүлөрдөн болот.

2020-жылы ЖРТнын (жалпы республикалык тестирлөө) минималдуу өтүү баллы өлкөнүн башкы педагогикалык университетине, И.Арабаев атындагы КМУга - 111 баллды түзүп, республика боюнча тапшырган абитуриенттердин орточо баллы 144,7 болгон.

Салыштыруу максатында, КРСУга өткөн абитуриенттердин орточо баллы - 151,6, ал эми Раззаков атындагы КМТУга - 164,1, И.К.Ахунбаев атындагы КММАга - 175,5, Кыргыз-түрк "Манас" университетинине – 178 болгон.

Кыргызстанда мугалимдерди даярдоо бюджеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Болочок мугалимдерди даярдоонун жылдык чыгымы кеминде 100 миллион сомду түзөт. Жыл сайын педагогикалык ЖОЖдордун бюджеттик орундарына 2 миңден ашык адам кабыл алынат. Бир студенттин бир жылдык окуу баасы 25 сомдон 45 миң сомго чейин жетет. Окуу учурунда педагогикалык факультеттердин бир катар студенттери башка адистиктерге которулат.

Университетти аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн 25% жакыны мугалим болуп иштебейт. Үч жыл иштеген жаш адистердин 60% жакыны мектептен кетишет. Натыйжада, педагогикалык ЖОЖду бүткөндөрдүн 20% ашыгы гана мугалим болуп иштейт. Учурдагы система бюджеттик каражаттарды негизсиз сарптоо түрүндө жыл сайын миллиондогон чыгымдарга алып келет.

Мугалимдер түрдүү отчёттордон улам кыйналышат. 2020-жылдын декабрында кээ бир милдеттүү түрдөгү отчёттордун жокко чыгышына карабай, мугалимдер дагы эле 10дон ашык отчёт боюнча кагаз жүзүндө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү.

2017-жылдан бери Билим берүү жана илим министрлиги лицензиялоо жана аккредитация департаменти тарабынан республикадагы бардык окуу жайларды милдеттүү түрдө аккредитациялоо иштерин жүргүзүлүп келет. Эми бардык мектеп директорлору менен мугалимдердин көп убактысын алган жүздөгөн барак отчётторду, пландарды жана башка документтерди министрликке тапшырыш керек.

Учурда мугалимдердин 35% жакыны окуу жана математикалык сабаттуулуктун негизги деңгээлине да жетишпейт (бул өлкөнүн эрезеге жеткендер үчүн орточо көрсөткүчтөн жакшы). Мугалимдердин маалыматтык жана коммуникативдик көндүмдөрүнүн деңгээли бардык эрезеге жеткен калктын орточо көрсөткүчүнөн кыйла төмөн.

2020-жылы билим берүү онлайн түрүндө өтүшү Бишкек мугалимдеринин электрондук почтасы жок экенин, компьютерде иштөө жөндөмдүүлүгү аз болгондуктан WhatsApp аркылуу сабак өткөндөрү аныкталды.

Өлкөдө квалификациялуу мугалимдер жетишсиз. Мектеп директорлорду сурамжылоо маалыматына ылайык, бош орундардын 40 пайызын гана квалификациялуу мугалимдер ээлейт, калган 60% талап кылынган квалификацияга жооп бербейт.

Квалификацияны жогорулатуу: эскирген жана натыйжасыз курстар

Мектептеги билим берүү системасы сапаттуу болгон өлкөлөрдө мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга, кесиптик өсүүсүнө, ишинин натыйжалуулугун баалоого чоң көңүл бурулат.

Кыргызстанда мугалимдердин баары беш жылда, жок дегенде, бир жолу 72 сааттан кем эмес квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүш керек.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна Ысык-Көл жана Ош билим берүү институттарына билим квалификациясын жогорулатуу милдети жүктөлгөн. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн жыл сайын бюджетке 80 - 90 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт. Квалификацияны жогорулатуу системасы чындыгында мамлекеттин монополиясы болуп калган.

Ошол эле учурда, иштеп жаткан система саны-сапаты жагынан да мугалимдерди даярдоо муктаждыгына жооп бербейт. 82 миң мугалимди камтыган өлкөдө Билим берүү жана илим министрлиги 10 жылда бир эле мугалимдин квалификациясын жогорулатса болот. Ал эми мыйзам боюнча мугалим квалификациясын 5 жылда бир жолу жогорулатып турушу керек. Изилдөөлөргө ылайык, бюджеттик программалардын алкагында берилген квалификацияны жогорулатуу курстарынын мазмуну көбүнчө формалдуу, эскирген жана натыйжасыз. Адатта, алардын жигердүүлүгү жана мугалимдердин кесиптик чеберчилигине тийгизген таасирине баа берилбейт.

Мугалимдерди даярдоо мамлекеттик монополиясы алардын кесипкөйлүгүн, ошону менен бирге, мектептерде окутуунун сапатын жогорулатууга тоскоолдук болуп саналат. Көп өлкө мындай системадан эбак эле баш тарткан. Ал өлкөлөрдө, менчигинин түрүнө карабастан, бардык билим берүү мекемелери мугалимдердин квалификациясын жогорулатат. Мындай система кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосундагы атаандаштыкка шарт түзүп, алардын окутуу кызматтарынын сапатынын жогорулашына алып келет.

Мугалимдерди даярдоонун жигердүүлүгүн объективдүү жана калыс болгон система мугалимдердин квалификация деңгээлин текшериш керек. Ал мугалимдер окуучулардын компетенттүүлүгүн өнүктүрүү жөндөмдүүлүгүн баалоого негизделиши зарыл.

Учурдагы мыйзамга ылайык, өлкөдө мугалимдердин аттестациясы өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча, аларга экинчи, биринчи жана эң жогорку категориялары берилип, Алган категорияларына ылайык, 1 миң, 1,5 миң, 2 миң сом кошулушу керек. Иш жүзүндө, аттестация жөнүндө Жобо болгонуна карабастан, 2012-жылдан бери мугалимдердин аттестациясы токтотулуп, категориялар берилбей калган. Кээ бир мугалимдердин айтымында, бул жөлөк пулдар стимул эмес. Анын өлчөмү эмгек акынын 30% кем болбошу керек.

Мисалы, Казакстанда мугалимдерди тестирлөө эки тапта өтөт. Биринчиси, мугалимдердин Улуттук квалификациялык тестирлөөсү. Экинчи этабы - окутуу ишмердүүлүгүн Комплекстүү аналитикалык жалпылоо. Анын ичинде топтолгон тажрыйбаны жалпылоо менен мугалимдин портфолиосу да кирет.

Кыргызстанда мугалимдерди кайра даярдоо системасы жок. Башкача айтканда, педагогикалык эмес жогорку билимдүү адистерден педагогикалык кадрларды даярдоо (же экинчи педагогикалык билим алуу). Кыргызстанда кайра даярдоо системасы мыйзам менен белгиленген. Бирок иш жүзүндө ал жок. Мугалимдерди кайра даярдоо системасы көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Орусия менен Казакстанда иштейт. Максаты - жогорку билимдүүлөрдү кыска мөөнөттүү мугалимдерди даярдоо курстары аркылуу педагог болгонду каалоочулардын агымын көбөйтүү.

Кыргызстан - КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы мугалимдерге квалификациялык талаптар жок жалгыз өлкө. Квалификациялык талаптардын жоктугу тандоо системасына, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өсүшүнө терс таасирин тийгизет.

Окутуу, окуу китептери

Өлкөдө окуу китептеринин жетишсиздиги боюнча олуттуу көйгөйлөр бар. Кыргыз тилдүү мектептерде окуу китептери менен камсыздоо 80%, орус тилдүү мектептерде 70% түзөт.

Билим берүү жана илим министрлиги гана авторлорду тандап, окуу китептерин басып чыгарууга укуктуу. Кээ бир окуу китептери орфографиялык, грамматикалык жана семантикалык каталар менен басылып чыгат.

Көптөгөн окуу китеби мектептеги билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты талап кылгандай, окуучулардын компетенциясын өнүктүрүү талаптарына жооп бербейт. Окуу китептеринин жетишсиздиги менен сапатсыдыгына карабай, мектептер менен мугалимдер сунуштаган тизмеге кирген китептерди гана колдонууга милдеттүү.

Кыргызстандын окуучулары үчүн окуу жүктөмү жогору. Алсак, орточо эсеп менен, Кыргызстанда бир окуучу жылына 1060 саат окуйт. Ал эми Эстонияда 820, Финляндияда 808, Россияда 803 саат бөлүнгөн. Жогорку окуу жүктөмү, сыягы, окуудагы сапаттуу натыйжалары болушуна кепилдик бербейт. Эл аралык рейтингдерде Кыргызстан акыркы орунду ээлеген. Ал эми жогоруда аталган өлкөлөрдүн бардыгы мектепте билим берүүнүн сапаты кыйла жогору болгон өлкөлөрдүн катарына кирет.

Совет мезгилинде Кыргызстандын мектептеринде 17 предмет окулган. Учурда жалпы кабыл алынган стандарттардан ашып түшкөн 25 сабак өтүлөт. Дүйнөдө окулган предметтердин саны 8ден 15ке чейин өзгөрөт. Кыргызстандын мектептеринде өтүлгөн предметтердин саны менен мазмунун тереңирээк изилдөө үчүн кыскартууну жана кайра кароону талап кылат.

Жаттоого, окуганды кайра айтууга негизделген окутуу

Окуу процесси заманбап турмуш менен мамлекеттик билим берүү стандартынын (2014) талабы боюнча компетенцияларды (башкача айтканда, күнүмдүк турмушта билимди, көндүмдөрдү жана жөндөмдөрдү өз алдынча колдонуусун өнүктүрүү үчүн) кайра түзүлгөн эмес. Мектептерде окутуу, мурункудай эле, 87% окууга, жаттоого, окуганды кайра айтууга негизделген. Башкача айтканда, мугалимдер маалымат беришет, окуучулар болсо эстеп калышат.

Кыргызстанда жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына (2014) ылайык, окутуу окуучулардын компетенциясын өнүктүрүүгө негизделиши керек. Бул билимди, жөндөмдөр менен көндүмдөрдү күнүмдүк турмушунда өз алдынча колдонуу жөндөмүн өнүктүрүүнү билдирет.

Билим берүүнү өнүктүрүү программасына (2021) ылайык, мектеп окуучулардын маалыматтык жана социалдык-коммуникативдик компетенцияларын, ошондой эле өзүн өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенциясын өнүктүрүүгө тийиш.

Маалыматтык компетенттүүлүк ‒ өз ишин пландаштыруу жана жүргүзүү үчүн маалыматтарды, анын ичинде маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды пайдаланууга, жүйөлүү тыянактарды жасоого даярдык. Ал адамга маалыматтын тегерегинде сынчыл ой жүгүртүүнүн негизинде чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Социалдык коммуникациялык компетенттүүлүк ‒ өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен салыштырууга, позициялардын ар түрдүүлүгүнүн негизинде өз көз карашын негиздүү коргоо жана башка адамдардын баалуулуктарына (диний, этностук, кесиптик, инсандык ж.б.) урматтоо менен мамиле кылууга даярдык. Маектешүүдө зарыл маалымат алууга жана аны жеке, социалдык, кесиптик маселелерди чечүү үчүн оозеки түрдө жана жазуу жүзүндө берүүгө даярдык. Ал милдеттерди чечүү үчүн башка адамдардын жана социалдык институттардын ресурстарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк ачат.

Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү – маалыматта, окууда же турмуштук жагдайларда карама-каршылыктарды табууга жана ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен өз алдынча же башкалар менен өз ара аракетте аларды чечүүгө, ошондой эле андан аркы аракеттер жөнүндө чечим кабыл алууга даярдык.

Белгилей кетсек, эл аралык стандарттар XXI кылымдын инсанынын сегиз компетенциясын тааныйт. Булар - көп маданияттуулук жана ачыктык, маалымдуулук жана кардарлардын көңүлүн буруу, белгисиздик шарттарында иштей билүү, шартка калыптануу жана үйрөнүү, адамдар менен жана жамаатта иштөө, тармак аралык байланыш, долбоорлорду жана процесстерди башкаруу, системалык ой жүгүртүү, IT системалары менен иштөө. Кыргызстандын мектептеги билим берүүнүн стандартында (2014-ж.) үчөө гана каралган.

Мамлекеттик билим берүү стандарты жана окуу китептеринен тышкары мектептер жана мугалимдер Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан иштелип чыккан предметтик стандарттарга ылайык сабак өтүүгө милдеттүү. Мугалимдер үчүн милдеттүү болгон көптөгөн предметтик стандарттар компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган эмес. Берилген маалыматты жөн эле эстеп калуу дагы эле окутуунун негизги ыкмасы болуп келет. Демек, предметтик сабактарда окуучулар жогорку даражадагы ой жүгүртүүнүн ордуна жөнөкөй түрдөгү ой жүгүртүү иш-аракетин жасашат.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) предметтерди окутууда аз колдонулат. МКТ боюнча окуу программасы 5-9-класстар үчүн гана каралган. 1-4-класстарда жана 10-11-класстарда МКТ боюнча окутуу каралган эмес. Мектептердин компьютер менен камсыздалышы боюнча учурда 61 окуучуга 1 компьютер туура келет. Көптөгөн компьютер эскирип, иштебейт.

Предметтик стандарттардын негизги кемчилиги - бул өлчөнүүчү окуу натыйжасынын жоктугу. Окутуунун сапатынын көрсөткүчтөрүн аныктабай туруп, аны жакшыртуу мүмкүн эмес.

Республиканын бардык мектептери (менчигинин түрүнө карабастан) жыл сайын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилүүчү жана окуу жылынын башында “Кут билим” гезитинде жарыялаган БОП (базистик окуу планы) бардык класстар жана предметтер боюнча окутуунун сааттарынын санын аныктайт. Бардык мектептер окуу пландарын жазуу түрүндө министрлик менен макулдашуусу керек.

БОПтун сакталышын көзөмөлдөө райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт. Министрлик жыл сайын негизги окуу планына өзгөртүүлөрдү киргизип, предметтерди жокко чыгарат, кошот же бириктирет. Бирок министрликтин мындай чечимдери мектептердеги окуу процессинин пландоосу менен сапатына терс таасирин тийгизет. БОП коомдук документ болгонуна карабастан, өлкөнүн бардык аймактарынан жеке менчик мектептердин баары Бишкекке келип, министрликтин БОПу менен шайкеш келгенин бекитүү жөнүндө мөөрүн басып кетиши керек.

Окуучулардын жетишкендиктери жөнүндө системалуу жана үзгүлтүксүз маалыматтардын жоктугу билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын эффективдүүлүгү менен жыйынтыгы жоктугуна алып келет. Ага мамлекет өлкөнүн бюджетинин дээрлик төрттөн бир бөлүгүн жумшайт.

Мектеп инфраструктурасы

Өлкөдө 2 296 мектеп бар, анын ичинен 152си жеке менчик (анда 38 миң окуучу, же өлкөдөгү бардык мектеп окуучуларынын 3% жакыны окуйт).

245 мамлекеттик мектеп (ар бир онунчусу) жараксыз абалда (кайра жаңы мектеп куруш керек). Окууга жараксыз абалдагы мектептерде билим берүү окуучулардын өмүрү менен ден соолукка коркунуч туудурат. Республиканын 457 мектебинде (ар бир бешинчиси) чатыр, пайдубал, дубал, суу түтүк, канализацияны капиталдык ремонттон өткөрүүнү талап кылат. Билим берүү жана илим министрлиги маалыматы боюнча, өлкөгө 670ке жакын мектеп (учурдагы санга 30%) жетишпейт.

Мектептерде окуучулардын саны көп. Учурда 151 мектеп (ар бир он бешинчиси) үч сменада иштейт.

Бишкектеги 90 мектеп 75 миң окуучуга ылайыкташтырылган. Бирок иш жүзүндө аларда 170 миң окуучу билим алат.

Мектептердин 25% таза ичүүчү суу менен камсыздалган эмес. Мектептердин 74% ички дааратканасы жок. Мектептердин 68% ысык суу менен камсыздалган эмес.

Мектептерди каржылоо менен башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу, тактап айтканда, мектепке товарларды жана тейлөөнү сатып алуу, кадр саясаты борборлоштурулган бухгалтериялардын карамагында болушу райондук/шаардык кеңештин, мектеп башкаруудагы Билим берүү жана илим министрлигинин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна алып келбейт.

Мыйзамда мамлекеттик мектептердин аныктамасы жок. Мектепти өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу чектелген.

Ошондой эле мыйзамда жеке менчик мектептердин аныктамасы да жок. Кыргызстанда жеке менчик мектептердин санынын өсүшүнө карабастан, алар өлкөдөгү мектеп окуучуларынын 3% азын камтыйт. Кээ бир өлкөлөрдө жеке сектор окуучулардын 15-20% камтыйт. Жеке мектептердин көбөйүшү мамлекеттик мектептердин жүгүн жеңилдетүү үчүн маанилүү. Бирок жеке мектептерди ачууга мектепти лицензиялоо талаптары жана санитардык эрежелер тоскоол болууда. Бул талаптар, өзгөчө аймактарда, жеке менчик мектептерди ачууга бөгөт коёт.

Мектептеги билим берүүгө корогон мамлекеттин чыгымы

2017 -жылы Кыргызстандын билим берүүгө чыгымдары (мектепке чейинки, мектептеги, кесиптик жана жогорку билимди кошкондо) ИДПнын 7 пайызын түзгөн (Ички дүң продукт). Бул башка өлкөлөргө караганда көп (Казакстанда 3%, Орусия менен Монголияда 4%, Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө орточо эсеп менен 5% түзгөн).

Кыргызстанда билим берүүгө короткон чыгымдар жыл сайын өсүүдө. Алсак, 2001-жылы чыгымдар 3 миллиард сомду, 2007-жылы 9 миллиард сомду, 2012-жылы 21 миллиард сомду жана 2020-жылы 39,9 миллиард сомду (анын 34,3 миллиард сому республикалык бюджеттен жана 5,6 миллиард сому жергиликтүү бюджеттен) түзгөн. Чыгымдардын 60% жакыны мектептеги билим берүүгө жумшалат. Бирок, билим берүүгө болгон чыгашалардын өсүшү (20 жылдын ичинде 13 жолу) билим берүүнүн сапатынын жогорулашына алып келген жок.

Мамлекеттин билим берүүнүн бекитилген бюджетине карабастан, 2020-жылы мектептер бюджеттен 1,1 миллиард сомго жакын короткон. Бирок керектөөлөрдүн негизинде каржылоонун ажырымы 4 миллиард сомдун тегерегин түзгөн. Алсак, Бишкектеги 90 мамлекеттик мектептин ар бирине 10 миллион сомдой жетпейт.

Изилдөөлөр боюнча, учурдагы каржылоо системасы мектепти өнүктүрүүгө эмес сактоого багытталган. Мамлекеттик бюджет минималдуу муктаждыктарды да толугу менен каржылабайт.

Мектеп толук кандуу иштеш үчүн чыгашалардын 50гө жакыны каржылоого жумшалышы зарыл. Иш жүзүндө республикалык бюджеттин чыгымдары чыгашалардын беши гана каржыланат - эмгек акы фонду (96,1%), тамак -аш (2,7%), квалификацияны жогорулатуу (0,4%), окутуу чыгымдары (0,4%) жана тейлөө (0,4%). (2020-жылдын маалыматы). Акыркы экөө жетиштүү каржыланбай келет.

2017 -жылы бир окуучуга кетирген бир жылдык мамлекеттик чыгымдары 826 $ түзгөн. Ошол эле учурда, мисалы, Молдовада 1 937 $, Монголияда 1 711 $, Казакстанда 6 432$, Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдө 10 292 $ түзгөн.

2017-жылы Кыргызстандын бир мектеп окуучусуна (826 $), жогорку окуу жайдын бир студентине 1 480 $, бир КТБ студентине кетирген мамлекеттик чыгымдары 1 574 $ түзгөн.

Мектепте билим алууга кетирген мамлекеттик чыгымдардын көбү донордук каражаттардын эсебинен каржыланат (Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, USAID, GIZ). Анын бир бөлүгү грант түрүндө, дагы бир бөлүгү насыя түрүндө берилет.

Жыл сайын 1-4-класска чейинки окуучулардын тамактануусуна мамлекеттик бюджеттен болжол менен 600 миллион сом бөлүнөт. Башкача айтканда, бир окуучуга күнүнө 7 сом жумшалат. Ошол эле учурда тамак-ашка бөлүнгөн каражаттар жигерсиз, коррупциялык жол менен сарпталат. Социалдык жактан аярлуу балдар үчүн каражаттарды даректүү бөлүштүрүүгө өтүү зарыл.

Окуучулар үчүн эң негизги муктаждыгы - сапаттуу билим

Мектеп системасынын биринчи жана эң маанилүү деңгээли - окуучулардын муктаждыктары. Алар үчүн бүт билим берүү системасы түзүлгөн. Эң негизги муктаждыгы - сапаттуу билим.

Демек, негизги максат - мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Ал SMART ченемдерине негизделген (ченемдүүлүк, маанилүүлүк, так, ишке ашуу мүмкүнчүлүгү жана белгилүү бир убакыт аралыгында жеткиликтүүлүк).

Мектептеги билимдин сапатын жогорулатуу

Мектептеги билим берүүнүн учурдагы абалын эске алуу менен (ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө мектептеги билим берүү системасын жакшыртуу боюнча көптөгөн изилдөөнүн жыйынтыгын эске алып), мектептин сапатын жакшыртуу үчүн системалуу билим берүүдөгү олуттуу өзгөрүүлөр (реформалоо) эки багыттан башталышы зарыл деп эсептейбиз.

Билим берүүнүн сапатын өлчөө керек, ал үчүн төмөнкүлөр зарыл: окуучулардын билим сапатын өлчөө системасын киргизүү, мугалимдердин квалификациясынын деңгээлин өлчөө системасын киргизүү.

Билим берүүнүн сапатын өлчөө көз карандысыз жана калыс болуш керек. Окуучулардын билим сапатын менен мугалимдердин квалификациясын баалоо/өлчөө системалары көптөгөн өлкөлөрдө бар. Бул маселе Билим берүү жана илим министрлиги үчүн жаңылык эмес. 2020-жылдын июль айында министрлик билим берүүнүн сапатын баалоо тутумунун концепциясын бекиткен. Бирок көптөгөн эл аралык программалардын алкагында иштелип чыккан документтер сыяктуу ал да унутулуп калган.

Глобалдык дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүү кыргызстандыкты калыптандырыш үчүн мазмун менен окуу процессин өзгөртүш керек. XXI кылымдын талаптарына жооп бериш үчүн мамлекеттик билим берүү стандартындагы компетенциялардын санын кеңейтүү зарыл. Билим берүүнүн акыркы натыйжасын аныктоочу жана бул натыйжага жетишүүнү көзөмөлдөөчү орган катары билим берүү процессинде министрликтин ордун аныктап алуу керек. Мектеп менен мугалимдер өздөрү тандаган методологиянын негизинде ал натыйжаларга жетүүгө тийиш.

Мугалимдерге окутуу ыкмалары менен окуу китептерин тандоо укугун, предметтик стандарттарга кеңеш берүүчү ыйгарым укуктарды берүү. Окуу китептерин басып чыгаруу укугун каалаган уюмга берүү. Мында окуу китептери Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген критерийлерге жооп бериши керек.

Окуу сааттарынын санын жылына 1020дан талап кылынган эң минималдуу 820 саатка чейин кыскартуу, мында мектептерге окуучулар менен мектеп тандаган предметтер боюнча 820 сааттан ашык (бирок максималдуу жол берилгенден ашык эмес) окутуу укугун берүү.

Билим берүү системасын жөнгө салууну жок кылуу зарыл, бул үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Мектептерди көп сандаган отчётторду берүү жана аккредитациядан өтүү сыяктуу бир катар оор талаптардан бошотуу; билим берүүнүн сапатынын бирден-бир көрсөткүчү - окуучулардын билим сапаты жана мугалимдин квалификациясынын деңгээли болууга тийиш.
  • Билим берүү ишмердүүлүгүнүн лицензия алуусун жөнөкөйлөштүрүү, тоскоолдуктарды жоюп, мектептерди, өзгөчө региондордо, ачууга дем берүү.
  • Окутуунун формасына (офлайн/онлайн) жана менчигинин түрүнө карабастан, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу укугун ар кандай билим берүү уюмдарында берүү.
  • Мугалимдердин бирдиктүү улуттук квалификациялык тестирлөө системасын түзүү, жогорку билими бар адамдарга улуттук квалификациялык экзаменди тапшыруу жолу менен мугалим болуу укугун берүү.

Билим берүү системасын каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу керек:

Мектепти сметалык каржылоодон “окуучуну ээрчиген бюджеттик акча” (же ваучер) системасына өтүү (Кыргызстандын президентинин 2021-жылдын 5-майындагы кайрылуусунан жана Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынан, 2021-жылдын 12-октябры).

Финансылык отчеттуулуктун ачыктыгы жана ачык системасын киргизүү шартында мектептерге финансылык автономия берүү (мектеп жабдыктарын сатып алууда түшкөн каражаттарды тескөө жана мектептин кадрдык жамаатын аныктоо укугун берүү).

Учурда “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамды иштеп чыгуу иштери жүрүп жатат. 2022-жылдын 14-апрелинде Билим берүү жана илим министри тарабынан ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын курамына бир катар мамлекеттик органдар гана эмес, Жогорку Кеңешинин депутаттары да кирген. Жарандык коом мыйзам долбооруна сунуштарды иштеп чыгууга активдүү катышууну пландаштырууда.

Билим берүү бүтүндөй коомду бириктирүүгө жөндөмдүү улуттук идея болуп калышы мүмкүн жана болууга тийиш. Мыйзам кыргызстандыктардын жаңы, күчтүү жана татыктуу муунун тарбиялоо үчүн бекем пайдубал түзүшү керек. Биргелешкен аракеттер аркылуу биз балдарыбыздын 21-кылымда өздөрүн ишенимдүү сезип, жогорку класстагы билимге жана көндүмгө ээ болушуна, дүйнөлүк коомчулукта теңтуштары менен ийгиликтүү атаандашуусуна кепилдик бере алабыз.

"KG Аналитика" коомдук фонду

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG