Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

TYVcoin кирешеби же алдамчылыкпы?


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Акыркы кездери криптовалютанын түрлөрү көбөйүүдө. Учурда кыргызстандыктарды TYVcoin кызыктырууда. Айрымдар анын коопсуз экенин айтып, келечеги бар криптовалюта катары баалса, айрымдар анын ишенимдүүлүгүнөн күмөн санайт. Бул алдамчылыктын жаңы түрү дегендер бар.

Ачакей пикирлер

22 жаштагы Темирлан Эргешалиев Орусиянын Москва шаарында курьер болуп иштейт. Ал "Телеграм" аркылуу "Тивкойн" жөнүндө маалымат алып, февраль айынын башында 10 даанасын сатып алган. Кийин кызыгып отуруп, шаардагы унаасын "Тивкойнга" алмаштырганын кеп салды. Ошентип 300 миң сомго 400 миң "Тивкойн" алган. Эми бул санарип каражаттын баасы көтөрүлсө, аны сатып, атама унаа алып берсем деп отурат.

Темирлан "Тивкойндун" ишеничтүү экенинен күмөн санагандарды "хейтерлер" деп эсептейт жана бир нерсе жоготуп алуудан коркпой турганын айтууда. Ал "Тивкойн" жөнүндө маалыматты брокер Нурлан Айтбаевдин постторунан алган.

Темирлан сыяктуу эле социалдык тармактар аркылуу маалымат алып, "Тивкойн" сатып алып жаткандар же сатып алууну көздөгөндөр миңдеп саналат. Маселен, "Телеграм" түйүнүндөгү "TYVcoin жаңылыктары" тайпасына 8 миңден ашуун катталуучу бар.

Бул тайпадан "Унаамды 1800 "Тивкойнга" алмаштырам", "Тивкойн" сатып алам", "Муздаткычымды 35 "Тивкойнга" алмаштырам" деген сыяктуу билдирүүлөрдү окууга болот. Ошондой эле, Темирлан айткан Нурлан Айтбаевдин "Тивкойн" тууралуу ар кандай маалыматтары берилип турат.

Нурлан Айтбаев
Нурлан Айтбаев

Нурлан Айтбаев "Тивкойн" жөнүндө кенен маалымат жайылтуучу брокер катары белгилүү. Аны менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Бирок, жогоруда аты аталган "Телеграмдагы" тайпанын "админдеринин" бири, учурда Москвада турган Айдар Тургунбаев дагы өзүн Нурлан Айтбаевдин командасында иштейм" деп тааныштырды.

Анын айтымында, учурда "Тивкойнду" колдонгондордун саны Кыргызстанда, Орусияда, Түркияда көбөйүп отуруп, 10 миңге чамалады.

"Криптовалютаны адамдар эки максатта сатып алат. Биринчи максат - өзүнүн акча каражатын көбөйтүү. Мисалы, азыр "Тивкойндун" баасы 7 доллар болуп турат. Бир жыл мурда 1 доллар болчу. Андан мурда 1 сомдон сатылып турган. Убагында 1 сомдон алган адамдар азыр 5-6 долларга сатып, пайда көрүп жатышат. Экинчи максатыбыз - криптовалютага мүлк алуу. Мисалы, азыркы тапта Кыргызстанда криптовалютага үй, унаа, жер тилкесин алууга мүмкүн болуп калды. Убагында 1 доллар кезинде 1000 долларга 1000 криптавалюта алып койгонунда, ал бүгүн өсүп отуруп, унаа, үй же жер тилкесин алууга мүмкүнчүлүгү болмок.

Айдар Тургунбаев "Тивкойн" сатып алгандар убакыттан башка эч нерсе уттурбайт. Болгону күтүү гана керек болот" деп ишендирди. Бирок мындай пикирге бул тармакты түшүнгөн программисттер кошулбайт.

"Тивкойн"абадан акча жасагандай эле нерсе"

Берлиндеги Wayfair компаниясында иштеген кыргызстандык программист Нурсултан Турдалиев TYVcoin абадан акча жасагандай эле нерсе" деп түшүндүрдү. Ал муну элге жакшы түшүндүрүү үчүн өз алдынча "Дакансакойн" деп аталган криптону жасап көргөн.

"TYVcoin жаңы чыкканда, кызыгып бир карап көргөм. Анын кантип иштешин түшүнүү үчүн өзүм да жасап көрдүм. Жарым саат ичинде эч кандай маалыматсыз эле YouTube жардамы менен эле жасап койдум. Аны жасаш үчүн "койндун" атын, канча даана болушу керектигин, бөлчөктөрүнүн канчадан болушун көрсөтөсүң. Болду, электрондук капчыгыңда ошол сан пайда болот. Аны башкаларга которуп, транзакцияларды жүргүзүп баштайсың. Мында жөн гана жазуулар алмашып жатат. "Тивкойн" абадан акча жасоо экенин өз көзүм менен көрдүм. Себеби, анын көчүрмөсүн жасаса болот. Криптодо бардык транзакциялар ачык болушу керек. "Тивкойнду" бир жыл мурда ачып көргөнүмдө, эки адамга таандык экенин көрдүм. Бул бир эле адам эки "капчык" ачкан да, бири-бирине транзакция кылып сатып, жөн эле сандарды адамдардын капчыгына которуп, "бул сенин Тивкойнуң" деп акча жасап жатат дегендик".

Программисттин бул пикирине Айдар Тургунбаев кошулбайт. Ал "Тивкойнду" белгилүү "Биткойн" криптовалютасына салыштырды.

"Келгиле, "Биткойнду" алып көрөлү. Эч нерсеси болгон эмес. Алгачкы төрт жылында аны миңге жакын гана адам билген. Бизге эки жыл болгонуна карабай, бүткүл Кыргызстан дебесем да, калктын басымдуу болүгү тааныйт. Андыктан, азыр андай айыптоолорду коюу туура эмес. Себеби, "Тивкойндун" келечеги кең. Азыр брокерлер жакшы иштеп, элге жайылса, бул криптовалюта көпкө калат".

Бирок, программисттер бул ойду четке кагып, "Биткойн" менен "Тивкойнду" салыштыруу мүмкүн эмес экенин айтышат.

Нурсултан Турдалиев.
Нурсултан Турдалиев.

Нурсултан Турдалиевдин айтымында, "Токенди чыгарганда, анын артында компания, легитимдүү команда, бизнес-идеясы болушу керек, алган койнга кепилидик бере алышы шарт. "Биткойндун" артында өзүнүн логикасы, жазылган коду бар. Ал оптималдашып, жаңырып турат. Ал эми "Тивкойн" андай жөндөмгө ээ эмес. "Биткойн" менен "Тивкойндун" негизги айырмасы ушунда. Бири криптовалюта, экинчиси токен".

Бул пикирди эл аралык Citadel.one деп аталган криптоактивдерди башкаруу жана сактоо платформасында эмгектенген кыргызстандык программист Азамат Акматов дагы кубаттап, "Тивкойндун" ишенимдүүлүгүнөн күмөн санайт.

Азамат Акматов
Азамат Акматов

"Тивкойндун" сайттарын карап көрдүм. Эки сайты бар. Экөө тең толук куралган эмес. Даяр үлгүнүн жардамы менен жасалган сайттар. Сөздөрү деле толук өзгөртүлгөн эмес. Булардын кандай продукту, бизнеси бар деп карасам, койндан (coin) башка эч нерсеси жок экен. Жөн эле койндун (coin) эч кандай баалуулугу болбойт. "Тивкойнду" чыгарган адамдар жөн эле спекуляция кылып жатышат. Сатканда да өздөрү сатышат, сатып алганда да өздөрү аркылуу сатып алуу керек экен. Бааны да каалагандай коюп, ойноп жатышат. Мисалы, менин койлорум бар дейли. Элдерди алдап, эртең койлор кымбаттайт деп, айталы, 100 долларлык койду 200 долларга саттым. Кайра сатабыз деп чыгышканда мен аркылуу сатасыңар дейм да, каалагандай бааны коем. Көп акча топтоп алгандан кийин, койдун да кереги жок, акчаны алам да, качам. Бул жерде ушундай эле нерсе болуп жатат".

Акчасын жоготуп алгандар

Ошол эле учурда "Тивкойн" сатып алып, акчасын жоготуп алгандар да жок эмес. Атын атагысы келбеген жаран программисттердин пикирине кошулуп, "Бул системада дагы көмүскө базар (черный рынок) бар" экенин айтты.

"Тивкойн" бир адамга байланыштуу. Кааласа бааны көтөрүп, кааласа түшүрүп, каалашынча калчашат. "Аба-ырайын" түзүп тургандар да ошолор. Мен башында 11500 тивкойнду 3 доллардан алгам. Бирок көмүскө рынок алган койндарды (coin) өз баасынан кымбат сатууга мүмкүнчүлүк бербейт. Алган койндарды (coin) 150 сомго, 2 долларга жетпеген суммага саткам. Карапайым адамдар ишенип, чоң суммага күйүп калышы мүмкүн".

"Тивкойн" жөнүндө "Телеграм" тайпанын администратору Айдар Тургунбаев "көмүскө базар" бар экенин четке каккан жок. Ошол эле учурда, "Тивкойн" кайсы биржаларда жүгүртүлөрүн айтып бере алган жок.

"Бизде деле көмүскө базар бар. Алар адамдарды алдап, каалоочулардын телефондоруна башка эле "Тивкойндарды" жүктөп берип коюп жатышат. Аны арзан баада гана эмес, такыр эле сата албай калуу да мүмкүн. Көмүскө базардан алынган криптовалютанын баасы төмөн бааланат. Кийин криптовалютанын баасы өскөн күндө деле, арзан бааланат. Азыр кайсы биржадан кандай кылып аларын мен сизге так айтып бере албайм. Биз Нурлан деген брокердин (ред. Нурлан Айтбаев, белгилүү брокер) "капчыгынан" алып, соода кылабыз".

"Тивкойн" 2018-жылы чыгып, Кыргызстанда 2020-жылдан баштап белгилүү боло баштаган. Анын элге тез тарап жатканы башка криптовалюталарга караганда арзан болушу менен түшүндүрүлөт. Бул санариптик акчанын тарапкерлери "Тивкойн" келечеги бар валюта экенин, толук коопсуз экенин айтып келишет. Бир катар финансылык басылмаларда ушул тапта криптовалютанын миңден ашык түрлөрү бар экени көрсөтүлгөн. Алардын эң популярдуусу - "Биткоин". Андан башка "Риппл" (Ripple), "Эфириум" (Ethereum), "Лайткоин" (Litecoin) деген түрлөрү да көбүрөөк таанымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG