Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:15

АКШ криптовалюта алмашуу платформасына биринчи жолу санкция киргизди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ алгачкы жолу криптовалюталарды алмаштыруу менен алектенген SUEX платформасына санкцияларды киргизди. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, криптобиржа Орусиядагы өкүлчүлүктөрү аркылуу киберчабуулдар маалында мыйзамсыз төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берип келген. Бул үчүн хакерлер иштеп чыккан кеминде сегиз программа колдонулган.

АКШ бийлиги SUEX’тин белгилүү транзакцияларынын 40% ашыгынын мыйзамсыз иштеген уюмдарга байланышы бар болгонун билдирүүдө.

SUEX платформасы негизделген 2018-жылдан бери криптовалютаны жүз миллиондогон долларга — негизинен биткоиндер менен которгон. 2020-жылы хакерлерге, алдамчыларга жана даркнет операторлоруна которулган төлөмдөр 400 миллион доллардан ашкан. Бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу төрт эсеге көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG