Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Өзбекстан орусиялык IT-адистерди имерүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жума ичинде дүйнөлүк басма сөздө Украинадагы согуш жана анын кесепетинен келип чыккан көйгөйлөр тууралуу макалалар жарык көрдү.

Орусиянын эски согуш ыкмасы

Le Monde гезити 17-марттагы санында Орусиянын согуш тактикасын талдап, шаарларды курчоого алып, бомбалоо ыкмасы Европада кайра жанданды көрүнөт деп жазды.

“Бул биринчи кезекте карапайым тургундардын жүрөк үшүн алуу, душманды багынып берүүгө мажбурлоо үчүн жасалат, ошол эле маалда мындай согуштук аракеттер жалпы коомдун нааразылыгын пайда кылат”, - деген оюн ортого салды Антуан Ревершон.

Харьков шаары, 16-март, 2022-жыл.
Харьков шаары, 16-март, 2022-жыл.

“Өрттөнгөн үйлөр, таш-талканы чыккан ооруканалар, эл жашаган кварталдарга жааган ракета, аңдарда үйүлүп жаткан адамдын сөөгү европалыктарга Экинчи дүйнөлүк согуштагы тирукмуш кадрларды эске салат.

Эмне себептен заманбап, таамай аткан курал-жарак арсеналы, атайын күчтөрү жана чалгынчылары, кибер-чабуулдарды ишке ашыруу жана коомдук пикирди бурмалоо мүмкүнчүлүктөрү бар армиялар менен мамлекеттер чоң шаарларды камоого алып, ал жактагы жашоочуларды туш келди аткылашат?”, - деп суроо салган журналист.

Журналист андан ары бул көрүнүштү талдап, тарыхка кайрылган. Анын пикиринде, биз ушу тапта экрандардан көрүп жаткан салгылашуулардын картасы жана чиймелери Людовик XIVнүн тушундагы аскердик инженер Вобандын “Оккупацияланган жерлерге чабуул коюу жана коргоо” деген эмгегине окшош. Ал камоолордун теориясын жазып, падышалыктын айланасында чеп тургузуунун автору болчу.

Ревершон согуштун стратегиялык максаты каршы тараптын куралдуу күчтөрүн талкалоо гана эмес, биринчи кезекте душмандын капитуляциясы экенин, ал үчүн моралдык, саясий, экономикалык кубатынан, коомдун колдоосунан ажыратуу керектигин баяндайт.

18-19-кылымдарда курчоодо калган шаарлардын көбү бомбалоо коркунучуна кабылганда багынып берген. Эмне дегенде шаар тургундары мүлкүн сактап калыш үчүн аскерлерге кысым кылган.

Макалада байыркы гана эмес жакынкы жылдары эле Грозный, Ракка, Алеппонун башынан кечирген күндөрү тууралуу баяндалган.

Журналист шаарларды курчоого алып, “жайкын тургундарга каршы согуш ачуу тескери натыйжага алып келиши мүмкүн" деген. Андай учурлар чет өлкөлөрдө катуу нааразылык жаратат. Тынч элге кол салуу, дары-дармексиз, азык-түлүксүз калтыруу гуманитардык укук боюнча согуш кылмышы жана адамзатка каршы кыргын салуу катары саналат.

Өз ойлорун жыйынтыктап жатып автор 1870-1871-жылдарда Париждин курчоодо калып, немистердин замбиректери шаарды аткылап жатканда Пруссиянын ханзаадасы жазган сөздөрдү эске салган.

“Француздар согушка аралашпаган, бейтарап өлкөлөргө мурдагыдай каардуу, коркунучтуу көрүнбөй калды. Алар өздөрүнүн эң баалуу нерселерин күчтүү душмандан коргогон эр жүрөк элге айланды. Бисмарк бизге кубат алып келди, бирок досторубуздан, дүйнөнүн симпатиясынан жана абийирибизден айрылып калдык”.

Орусиядгы кризистин Борбор Азияга таасири

Time журналы 10-мартта Борбор Азияга адистешкен изилдөөчү Брэдли Жардиндин материалын жарыялады. Анда Украинадагы согуштан улам Орусияга салынган санкциялардын аймакка таасири талданган.

Автор экономикалык алакалар чиелешкен дүйнөдө Орусияга каршы көрүлгөн чаралар глобалдык алкакта саясатчылар болжолдогондон да чоң залакасын тийгизерин жазып, Батыш Борбор Азия өңдүү Москвага байланган аялуу экономикаларга көңүл бурууга тийиш деген оюн ортого салат.

Деңизге түз чыга албаган чөлкөм санкцияларга кабылган өлкөлөр – Ооганстан, Иран, Орусия жана Кытайдын курчоосунда экенин эске салат.

Акча алмаштыруучу жай. Нур-Султан, 24-февраль, 2022-жыл.
Акча алмаштыруучу жай. Нур-Султан, 24-февраль, 2022-жыл.

Андан ары айтылгандай, табигый ресурстарга бай Казакстан улуттук валютасын кармап туруу үчүн жан үрөп жатат. Ансыз да январдагы кандуу окуялардан кийин өлкө инвесторлордун ишенимин кайтаруу аракетин көрүп келет. Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда бийликтер жумушсуздуктун өсүшүнө жана бюджеттин таңсыктыгына даярданышууда. Былтыр ал жактардан 7,8 миллион киши эмгек миграциясына Орусияга кеткен. Алардын акча которуулары Тажикстанда ички дүң өнүмүнүн 30 процентин, Кыргызстанда 28, Өзбекстанда 12 процентти түзөт.

Орус валютасынын куну качкан сайын, бул үч өлкөнүн бюджеттерине да күч келмекчи.

Изилдөөчү анализин улантып, мындай кризистер буга чейин да болгонун белгилейт. Мигранттар салган акчанын көлөмү 2014-жылы, Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин 40 процентке азайган, COVID-19 пандемиясында 22 процентке түшкөн.

Андан ары автор Орусиядагы кризис Кытай үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзгөнүн жазат. Москва менен Борбор Азиянын ортосундагы соода 18,6 миллиард долларды түзөт, бирок Кытай бул жагынан Орусияны артта калтырат. Жардин Бээжин чөлкөмгө курал-жарак, башка стратегиялык жабдууларды да жөнөтүп турат, Орусиядагы экономикалык каатчылык бул тенденцияны күчөтөт деп эсептейт.

Анын үстүнө Кытай менен Борбор Азиянын соодасы пандемияга чейинки деңгээлге жетти. Изилдөөчү мындай көрүнүштүн терс жактарына да токтолуп, ансыз да Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик карыздарынын 40 проценти Бээжинге туура келерин баса белгилеген.

"Экономикалык кыйынчылыктардан улам карызды кечүү үчүн Кытай коопсуздук чөйрөсүндө талаптарды коюшу мүмкүн", - дейт Жардин.

Өзбекстан орусиялык IT адистерди азгыруу аракетинде

Eurasianet Украинадагы согуштун дагы бир кесепетине токтолуп, “Өзбекстан Орусиядан агылган IT адистерди кызыл килем жайып тосуп алууда” деген аталыштагы макаласын жарыялады.

Анда кошуна өлкө 1-апрелден тартып IT тармагындагы инвесторлорго жумуш визасын жеңилдетилген тартипте берүүнү көздөп жатканы айтылат. Автор Өзбекстан муну менен Орусия жана Беларустан кетип жаткан билимдүү адамдарды ишке тартууну максат кылат деген тыянак жасайт.

Маалыматка караганда, кесипкөй адистер жана үй-бүлө мүчөлөрү үч жылга виза жана жумушка уруксат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу.

Макалада соңку кырдаалга байланыштуу Орусиядан кетип жаткан орусиялыктардын көбү Армения, Грузия же Түркияга карай агылганы, бирок Борбор Азия өлкөлөрү да бул тенденциядан пайда табууга аракеттенгени айтылат.

Өзбек расмий өкүлдөрүнүн айтымында, IT чөйрөсүндөгү жаңы компанияларга салык жагынан да жеңилдик берилмекчи.

Eurasianet Өзбекстан бул багыттагы ишке Украинадагы согушка чейин эле киришкенин, жыл башынан бери 3 миң чет өлкөлүк IT-адис өлкөгө келгени расмий маалымдалганын белгилейт. Былтыр Маалыматтык технологияларды жана коммуникацияларды өнүктүрүү министри 2028-жылга карай Өзбекстан программалык өндүрүмдү жана кызматтардын экспортун 1 миллиард долларга жеткире турганын билдирген.

Басылма бул абдан дымактуу план экенин, 2020-жылы сөз болгон тармакка байланышкан экспорттун көлөмү 16,3 миллион долларга барабар болгонун жазды.

Макаланын автору "мындай жагымдуу учурга карабай, өзбек жергесинде узак мөөнөт иштөөнү каалагандар көп болот деген кепилдикти эч ким бере албайт" деп улантып, Санкт-Петербургдан келген программисттин көз карашына орун берет. Адис журналистке Ташкентке утурумдук иш үчүн гана келгенин, компаниясы жакын арада Грузияга көчүп кетерин айтып берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG