Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Кыргызстанда адам сатууга каршы үч жылдык программа бекитилди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда адам сатууга каршы күрөшүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ага ылайык, мамлекеттик органдар менен коомдук жана эл аралык уюмдардын кызматташуусун координациялоо аркылуу адам сатуунун курмандыгы болгондорго жардам көрсөтүү ыкмаларын жогорулатуу каралган.

Анда адам сатуунун алдын алуу, бөгөт коюу, аларга жардам көрсөтүү жана коргоо максатында адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоого багытталган мамлекеттик саясаттын негиздерин укуктук регламенттештирүү бар.

Мындан сырткары адам сатуунун алдын алуу, адам сатуу фактысына тиешеси барларды кылмыш жообуна тартуу, мындай окуялардын курмандыктарын коргоо жана жардам көрсөтүү сыяктуу критерийлер каралган.

Жыл сайын миңдеген кыргызстандык жумуш издеп чет өлкөгө кетет. Алардын арасында алданып, жумуштан да, акчадан да жок, адам сатуу, кулчулукка кабылгандары бар экенин укук коргоочулар айтып келет.

Былтыр мыйзамсыз миграцияга байланыштуу Кыргызстанда 290дой факт катталганын 31-мартта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү Улукбек Балагазыев билдирген.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG