Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:07

T’Way авиакомпаниясы Бишкек-Инчхон каттамын ачууну пландап жатат


Түштүк Кореянын T’Way авиакомпаниясынын учагы
Түштүк Кореянын T’Way авиакомпаниясынын учагы

Түштүк Кореянын авиакомпаниясы Бишкек-Инчхон түз аба каттамын ачууну пландоодо.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын T'Way авиакомпаниясынын президенти Йонг Хонг Ген жетектеген делегация менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Инчхондон Бишкекке түз авиакаттамдарды ачуу планын 2023-жылы ишке ашырууну талкуулашты.

Аталган авиакомпаниянын президенти Йонг Хонг Гёнг 2020-жылдын февраль айында Инчхон-Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамдарды ишке ашырууга уруксат алганын, бирок пандемиядан улам көптөгөн өлкөлөрдүн чек аралары жабылганына байланыштуу, анын ичинде Кыргызстанда да каттамдар жылдырылганын айтты.

Ишкана жетекчиси учурда 29 учактын ичинен жетөө гана түрдүү багытта кызмат көрсөтүп жатканын кошумчалады. 2022-жылдын сентябрь айында узак аралыкка уча турган жаңы учактарды алуу пландалып жатканын, алар авиациялык коопсуздук боюнча сыноодон өтүшү керектигин айтты. Анын айтымында, жаңы учактар 2023-жылы Кыргызстанга үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачууну пландап жатат.

T'Way компаниясы чартердик рейстерди да жүзөгө ашырууну көздөп, алгачкысын 2022-жылдын 28-апрелине пландаштырганын маалымдады.

Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна Казакстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Орусиянын, Тажикстандын, БАЭнин жана Кытайдын авиакомпаниялары учуп-конууларды ишке ашырып турат. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG