Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

Бишкекте электромобилдерге ыңгайлашкан жайларды куруу талабы коюлары айтылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкекте автоунаа токтотуучу жай курганда ал жерге электромобилдер кубат алчу жабдыкты сөзсүз орнотуу талабы кирип жатканын бүгүн борбор калаанын архитектура мекемеси билдирди.

Эгер сунуш колдоо тапса, көп кабаттуу үйлөр, коомдук жайлар жана соода борборлору курулуп жатканда тийиштүү жабдыктар коюлат. Курууга уруксат ушундай гана шарт менен берилет.

Кыргызстанда соңку жылдары электромобилдер көбөйө баштады, алардын баасы да баштапкыга караганда улам арзандоодо. Бишкектин архитектура мекемеси бүгүн электромобилдерге ыңгайлашкан атайын 63 бекеттин схемасы түзүлүп жатканын маалымдады.

Бишкектин үч соода борбору жана жети гипермаркетинде электромобилдерди акысыз кубаттап алса болот. (KS)

XS
SM
MD
LG