Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

Президент Бишкектеги "Манас" айылы жаңыланарын маалымдады


Манас айылы
Манас айылы

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде "Кабар" агенттигине курган маегинде "Манас" айылы тууралуу пикирин билдирди. Ал этно комплекс эч кимдин менчиги эместигин, ал жаңыланарын айтты.

"Азыркы турушун, архитектурасын "Манас" айылы деп айткандан уяласың. Манаска тиешелүү эч нерсеси жок. Логикага сыя турган бир дагы архитектурасы жок. Ошондуктан аны жаңылайбыз. Эл тамшануу менен кирип тургудай кылабыз. Мындан сырткары Манас айылынын мандайына Манас театрын салабыз",- деди Жапаров.

Буга чейин журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө "Манас" айылынын жери жаңы "Ак үй" сала тургандарга алмаштырыла турганын манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирген. Ал комплекстин жерине кызыгып жүргөн бир катар адамдар бар экенин, мурдагы бийликтин тушунда айылдын аянты 2 гектарга кыскарып кеткенин айткан.

Садыр Жапаров коомдо талкууга түшкөн бул маселе тууралуу суроого жооп берип жатып, ал жер эч кимге берилбей турганын, анын жаңы "Ак үй" менен болгон чеги иретке келтирилип жатканын маалымдады.

Бишкек шаардык мэриясынын балансындагы "Манас" этно комплекси "Бишкек" эркин экономикалык аймагы" башкы дирекциясынын балансына 1998-жылы өткөрүлгөн.

"Манас" айылында реконструкциялоо иштерин жүргүзүү маселеси мындан мурда да бир нече ирет көтөрүлгөн. Буга байланыштуу сынак да жарыяланган, анын жыйынтыгы эмне болгону кабарланган эмес.

Комплекс 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган. Айылдын аянты 9 гектарга чукул.(KS)

XS
SM
MD
LG