Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Микробуска чапталган символдук белги үчүн 28 миң сом айып салынды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкекте микробуска чапталган Орусиянын армиясынын катарына келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакырган жарнама үчүн 28 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу шаардык милициянын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу маалымдады.

Ага ылайык, кичи автобус борбордогу 148-каттамды тейлеген "Байзак аска" транспорттук ишканасына карайт. Аны текшербей туруп линияга коё бергени үчүн слесарга Укук бузуулар кодексинин "Транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренеси боюнча айып салынды.

21-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жарандарды 9-май - Жеңиш күнүндө "Z" белгиси бар аскердик кийимдерди кийбөөгө чакырган. Милиция автоунаасына "Z" белгисин тартып алган айдоочуларга айып пул салууда.

Бул тамга Украинага басып кирген орусиялык техникаларга тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды “атайын операциянын” символдору деп аташат.

Украинада эки айдан бери уланып жаткан согушта миңдеген адам каза болуп, миллиондогон эл бозгунга айланды. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG