Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:56

Министрлик дарыгерлердин айлыгы көбөйгөн жол-жобону түшүндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, апрель айынан тартып медицина кызматкерлери үстөгү жана кошума төлөмдөрү сакталган шартта 50% жогорулатылган маяна ала баштайт.

Ага ылайык, эмгек стажысы бар кызматкерлер саламаттык сактоо системасында иштеген жылдары үчүн кошумча 5 жылдан 10 жылга чейин 10% ставка, 10 жылдан 15 жылга чейин 20% ставка жана 15 жылдан ашык болсо 30% чен менен алат. Бул кенже тейлөөчү жумушта иштегендерге тиешелүү эмес.

Ал эми квалификациялык категорияга ылайык үстөк маянадан төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө сакталат жана белгиленет:

- жогорку квалификациялык категория - 50%;
- I квалификациялык категория - 30%;
- II квалификациялык категория - 10%.

Айкалыштырып иштөө боюнча үстөк акы айкалыштырылган кызматтын категориясын эске алуу менен төлөнөт.

Мисалы: 1) 6 жылдык стажы бар, категориясы жок айылдык ооруканада иштеген дарыгердин айлык акысы жогорулаганга чейин 9 001 сом болсо, жогорулатылгандан кийин 13 518 сомдун тегерегинде болот (эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда).

2) 17 жылдык иш стажысы бар жогорку категориядагы врач, жогорулатканга чейин — 14 252 сом, жогорулатылгандан кийин эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда эмгек акысы 21 403 сомго жакынды түзөт.

3) шаардык поликлиникада (ҮМБ) иш стажысы жана категориясы жок жаш үй-бүлөлүк дарыгерге айлыгы жогорулаганга чейин - 10 000 сом, жогорулатылгандан кийин эмгек акысы, эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда, 15 136 сомдун тегерегинде болот.

4) айыл жериндеги жогорку категориясы жана 16 жылдык иш стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер маянасы жогорулаганга чейин - 19 000 сом, жогорулагандан кийин эмгек акысы эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда 28 758 сомдун тегерегинде болот.

Президент Садыр Жапаров билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарында иштеген кызматкерлердин айлык акысы 1-апрелден тартып 50дөн-100 пайызга чейин көтөрүлө турганын айткан. Бул үчүн быйыл Билим берүү министрлигине кошумча 16 млрд. сом бөлүнгөнү белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG