Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Чукул билдирүү: айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ага ылайык, 25-апрелде Кыргызстанда күн күркүрөп, маал-маалы менен жамгыр, айрым аймактарда кар жаайт. Ошондой эле түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуулап, мөндүргө айланышы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

"Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. Мындай туруксуз аба ырайы айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Туруксуз аба ырайы, нөшөрлүү жаан-чачындан улам тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн", деп айтылат маалыматта.

Өткөн аптанын аягында Талас облусунда мөндүр аралаш нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, айрым үйлөрдүн короолорун суу каптаган. Кыргызгидромет борбору 25-апрелге чейин өлкодө туруксуз аба ырайы болорун эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG