Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:20

Алматыда "саясий туткундарды" колдогон активисттер кармалды


Алматыдагы кармоо. 24-апрель, 2022-жыл.
Алматыдагы кармоо. 24-апрель, 2022-жыл.

Алматыда полиция "саясий туткундарды" колдоо митингине келгендерди күч менен кармап кетти. "Власть" сайты жазгандай, кармалгандардын арасында журналист Данияр Молдабеков да бар.

24-апрелде күндүз ондогон активист шаардагы Илимдер академиясынын алдында топтолуп, "саясий туткундарды", Январь окуяларына байланыштуу кармалгандарды бошотууну талап кылышкан. Арасында активист Айгерим Тлеужан да бар.

Ал митинг өткөрүү тууралуу шаар бийлигине эскертүү бергенин, бирок жазуу түрүндө жооп албаганын айткан. Активист бийлик "саясий туткундарды бошотмоюнча" апта сайын нааразылык акцияларын өткөрө берерин билдирген болчу.

"Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, жекшемби күнү тартип коргоо органдары "иш-чара мыйзамсыз" экенин айтып, акцияга чогулгандарды таратууга аракет кылган. Бирок активисттер Достык проспектисин көздөй жүрүшкө чыккан маалда полиция аларды кармай баштаган.

Orda.kz сайтынын маалыматына ылайык, полиция баш-аягы 12 кишини кармап кетти. Кармоо менен коштолгон бул акция тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги эч кандай маалымат берген жок.

Укук коргоочулар Казакстанда кеминде 238 адамдын өмүрүн алган Январь коогасы боюнча иликтөөлөр ачык жүрбөй жатканын буга чейин бир нече жолу айтышкан. Казак бийлиги эл аралык иликтөө жүргүзүү сунуштарын да четке каккан болчу.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстанда тынч жыйынга катышкандар кармалып жатканына тынчсызданууларын билдирип келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG