Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Кожошев менен Султанов логистикалык борбор курууну талкуулашты


Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын премьер-министринин орунбасары - соода жана интеграция министри Бахыт Султанов 24-апрелде чек арадагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар Кыргызстандын "Ак-Тилек", Казакстандын "Карасу" өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу маселесин талкуулашты. Ал качан ишке ашырылары жөнүндө азырынча маалымат берилген жок.

Аталган өткөрмө пунктунда тез-тез жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болуп, айдоочулар казак тараптын катаал текшерүүлөрүнө нааразылык билдирип келишет. Министрлер кабинетинин сайтында бул кырдаал жөнгө салынганы, ага Кожошев менен Султанов күбө болгону жазылды.

Расмий кабарда айтылгандай, Кыргызстандан жүк ташуучу автоунаалардагы товарларга электрондук эсеп-фактураларсыз чыгарууга тыюу салуу, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө ташылып жаткан товарларга тийиштүү коштомо документтери бар жүк ташуучу унаа каражаттарына карата текшерүү жана контролдоо иш-чараларын жүргүзбөө сыяктуу чаралар кабыл алынган.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов 29-апрелде Бишкекте өтчү кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынына катышат. Ошондой эле быйыл казак прзиденти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке расмий сапары пландалган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG