Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

БУУнун баш катчысы Москвада Путин жана Лавров менен жолугушат


Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Гутерриштин сапары 26-апрелге пландалган.

Мурдараак маалымдалгандай, БУУнун баш катчысы Орусия президентинен аны Москвада, ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленскийден Киевде кабыл алууну суранган. Гутерриш эки өлкөнүн башчылары менен куралдуу жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну жана көп тараптуу мамилелердин келечегин талкуулоону ниеттенүүдө.

БУУнун баш катчысы Орусия Украинага басып киргенден бери Путин менен жолуккан экинчи батыш саясатчысы болот. 11-апрелде Австриянын канцлери Карл Нехаммер Москвага келген. Канцлер жолугушууну "ачык, түз жана катаал" деп мүнөздөгөн. "Бул достук визит эмес", - деген Нехаммер Москвага визит "милдеттенме" экендигин кошумчалаган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG