Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Түркия орус учактары үчүн аба мейкиндигин жапты


Мевлүт Чавушоглу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен.
Мевлүт Чавушоглу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен.

Түркия Сирияга учкан орусиялык аскерий жана жарандык учактар үчүн аба мейкиндигин жапты. Бул тууралуу 23-апрелде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди.

Сирияда Орусиянын аскердик контингенти, анын ичинде согуштук учактар бар.

Чавушоглунун айтымында, учууга үч айга уруксат берилип, мөөнөтү апрелде аяктады, Түркия аны узарткан эмес. Бул кадамдын себептерин айткан жок. Ал Босфор кысыгы аркылуу да аскердик кемелердин өтүүсүнө тыюу салынганын кошумчалады. Түркия бул кадамга Украинадагы согушка байланыштуу барган.

Орусиядан Сирияга эң кыска жол Түркиянын аба мейкиндиги аркылуу өтөт. Анын жабылышы Иран менен Ирактын үстүндөгү аба мейкиндигин колдонууга туура келет дегенди билдирет.

Чавушоглу Түркия Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалда ортомчулук аракеттерин улантып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жумушчу кичи топтордо сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле Украина менен Орусиянын президенттеринин Түркияда жолугушууга алдын ала макулдугу бардыгын кошумчалады. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG