Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Temirov LIVE каналынын журналисти аккаунтуна чабуул болгонун билдирди


Актилек Капаров.
Актилек Капаров.

Temirov LIVE каналынын журналисти Актилек Капаров Телеграмдагы аккаунтуна чабуул болгонун билдирди.

Бул тууралуу 22-апрелде "Фейсбукка" жазып, бир учурда эки жактан бузуп кирүү аракети болгонун кабарлады. Журналист аккаунтуна жасалган чабуул жөнүндө Телеграмдан келген эскертүүнү кошо жарыялады.

Актилек Капаров "Азаттык" радиосуна билдиргендей, буга чейин да анын аккаунтун бузууга аракет жасашкан. Ал муну кимдер жасап жатканын анык билбей турганын, бирок болжол менен күч органдарынын кызматкерлери болушу мүмкүндүгүн айткан.

20-апрелде Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын белгилешкен.

20-апрелде "Клооп" басылмасынын да бир катар журналисттеринин Телеграмдагы аккаунттарын бузуу аракети болгону айтылган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG