Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Мариуполдун жанындагы дагы бир болжолдуу жапырт көрүстөндүн сүрөтү жарыяланды


Виноградное айылындагы болжолдуу жапырт мүрзө, 20-апрель, 2022-жыл.
Виноградное айылындагы болжолдуу жапырт мүрзө, 20-апрель, 2022-жыл.

Украинада орус аскерлери басып алган Виноградное айылындагы көрүстөндүн жанында адамдар жапырт көмүлгөн дагы бир болжолдуу мүрзөнүн спутниктен тартылган сүрөтү жарыяланды.

Айыл Мариуполдон беш чакырымдай алыс экенин "Азаттыктын" украин кызматынын "Схемалар" долбоору маалымдады.

Журналисттерге жеткиликтүү болгон спутниктен тартылган сүрөттөргө караганда, көрүстөндө марттын аягында аң казылып, акыркы үч жумада аянты кыйла кеңейген. Аны Мариуполдун мэри Вадим Бойченко тастыктап, жүздөгөн кишинин сөөгү көмүлгөн болушу мүмкүндүгүн айткан.

Мурдараак Мариуполдон 20 чакырым алыстагы Мангуш айылында да болжолдуу жапырт мүрзө табылганы кабарланган. Спутниктен тартылган сүрөттөргө караганда, ал март айынын соңунда пайда болгон.

Орусия бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG