Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Украинада каза болгон Исломжан Камиловдун сөөгү туугандарына бериле элек


Украина армиясы Донбасста, 18-апрель, 2022-жыл
Украина армиясы Донбасста, 18-апрель, 2022-жыл

Өзгөндө чоңоюп, кийин орус жарандыгын алган Исломжан Камиловдун сөөгү туугандарына бериле элек. Ал Украинадагы согушта каза болгонун, сөөгү Орусиянын Канттагы авиабазасына алып келингенин агасы Акбар Хабибуллаев 23-апрелде "Азаттыкка" билдирди.

“Бүгүн Өзгөнгө тик учак менен жеткиребиз деп айтышкан. Күтүп жатабыз. Туугандарыбызды жаназага чакырып койгонбуз”, - деди ал.

20 жаштагы Камилов 5-апрелде Луганск аймагында орус армиясынын катарында согушка катышып жүргөндө каза болгону кабарланган.

Ал Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында туулуп-өскөн. 2019-жылы Орусияга кетип, бир жылдан кийин орус жарандыгын алган. 2021-жылы армияга чакырылган. Туугандарынын айтымында анын аскердик кызмат мөөнөтү жарым жылдан кийин бүтмөк.

Буга чейин Украинада орус аскери катары окко учкан теги кыргызстандык эки адам тууралуу белгилүү болгон. Алардын бири – 19 жаштагы Эгемберди Дорбоевдин сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдөгү өзү туулган Кара-Ой айылына коюлган. Экинчиси – 26 жаштагы Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтадагы ата-энеси жашаган үйдөн чыгарылган. Алардын сөөгү Орусиянын Канттагы авиабазасы аркылуу жеткирилген.

24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Согуш миңдеген адамдын өмүрүн алып, миллиондогон адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери айтып келет. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG