Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

Шинжаңдык 20 үй-бүлө Казакстанга көчүп келди


Алматыга келген шинжаңдык казактардын үй-бүлөлөрү, 22-апрель 2022-жыл.
Алматыга келген шинжаңдык казактардын үй-бүлөлөрү, 22-апрель 2022-жыл.

22-апрелде соңку бир эки жылдан бери биринчи жолу Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунан этникалык казактардын ири тобу Казакстандын Алматы шаарына көчүп келди. 20 үй-бүлөнү Алматыдагы аэропортто тосуп алган "Мекендеш өлкө" коомдук бирикмесинин жетекчиси Мукан Мамытхан бул үй-бүлөлөргө Казакстанга көчүп келүүгө уруксат берген чакыруу мындан беш жыл мурда жөнөтүлгөнүн айтты.

"2017-2018 Кытайдагы 100 үй-бүлөгө чакыруу жиберген болчубуз. Алардын алгачкы бөлүгү келди. Биздин эсеп боюнча, жыл соңуна чейин чакыруу жиберилгендердин баары көчүп келишет", - деди Мамытхан.

Шинжаңдагы Кулжа шаарынан келген 59 жаштагы Оралтай Нурдынайдын айтымында, учурда Кытайдын бийлиги үй-бүлөсү менен толук көчүп кете турган адамдарга гана уруксат берип жатат. Маалыматка ылайык, 20 үй-бүлө убактылуу Алматыга жайгаштырылат.

2017-жылдан бери Шинжаңдагы уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарынын өкүлдөрү кысымга кабылып жатканы кабарланып келет. Эл аралык уюмдар билдиргендей, Кытай шинжаңдык этностордун өкүлдөрүн "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" негизсиз камакка алган. Шинжаңжагы чектөөлөрдөн улам этникалык казактардын көбү Казакстанга мурдагыдай кирип чыга албай калышкан.

2019-жылдын соңунда кытай-казак чек арасы кайра ачылып, Казакстанга он чакты үй-бүлө көчүп келгени менен 2020-жылдан баштап пандемияга байланыштуу көч кайра токтогон болчу.

Расмий Бээжин дооматтарды четке кагып, "саясий лагерлерди" кесипке үйрөтүүчү борборлор деп мүнөздөп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG