Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында күмүш байге алды


Архив сүрөт. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында. 5-октябрь, 2021-ж. Осло, Норвегия.
Архив сүрөт. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында. 5-октябрь, 2021-ж. Осло, Норвегия.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Нонока Озаки менен беттеште жеңилди. Тыныбекова беттештин биринчи айлампасында бир упай менен алдыга чыккан. Экинчи айлампада жапон кызы тогуз упайды эсебине жазды. Таймаштын бүтөрүнө бир мүнөт 40 секунд калганда Айсулуу оң бутунан жаракат алып, дарыгер беттешти уланта албай турганын айтып, таймаш мөөнөтүнөн мурда жапониялыктын пайдасына аяктады.

Финалга чейин Тыныбекова эки беттеш өткөргөн. Алгач монголиялык Хонгорзул Болдсайханды 7:3 эсебинде уткан. Жарым финалда өзбекстандык Набира Эсенбаеваны жеңген (6:0).

Нонока Озаки 19 жашта. Кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпиону. Чоңдор арасында дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. 2021-жылы Норвегияда өткөн Дүйнө чемпионатында 1/8 финалда Айсулуу Тыныбекова Нонока Озакини жеңип алган.

Бул Азия чемпионатында кыргызстандык Айпери Медет кызы 76 килограммдык салмакта алтын, Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта күмүш байге алды.

Айсулуу Тыныбекова 29 жашта. Ал 2015-жылдан баштап (2018-жылды кошпогондо) Азия чемпионатына жети жолу катышып, бардыгында тең байгелүү болду. Буга чейин төрт жолу жеңүүчү аталса, бир жолу күмүш, бир жолу коло байге алган.

Дүйнө чемпионатында эки алтын, бир коло байге алган. Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган. Таймаштар 24-апрелге чейин уланат. Мелдештин алгачкы эки күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өттү. Бул мелдештерде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы үч алтын, үч коло байгеге ээ болду. Алдыда эркин күрөш боюнча таймаштар бар. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG