Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында күмүш байге алды


Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты. 68 килограмм, финал.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты. 68 килограмм, финал.

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Жуманазарова бүгүн, 21-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта финалда казакстандык Мадина Бакбергенова менен беттеште жеңилди. Алгач Жуманазарова 2:1 эсебинде алдыда келе жаткан. Таймаштын бүтөрүнө 30 секундга жакын убакыт ичинде казак балбан кызы эки упай алууга жетишип, алтын байге алса, Жуманазаровага күмүш байге буюрду.

Бул салмакта байге үчүн жети балбан эки топко бөлүнүп, күч сынашты. Мээрим Жуманазарова алгач биринчи беттешинде Мадина Бакбергенованы 5:0 эсебинде жеңип алган. Андан кийин түштүк кореялык Сужин Паркты 10:0 эсебинде, жарым финалда монголиялык Дэлгэрмаа Энхсайханды 7:2 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Алдыда кыргызстандык дагы бир балбан Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта финалда жапониялык Юка Кагами менен беттешет. Медет кызы күрөшкөн бул салмакта дагы алты кыз байге үчүн эки топко бөлүнүп, таймашты. Биринчи беттешинде дагы ал Юка Кагами менен күрөшүп, 7:3 эсебинде утуп алган. Андан соң индиялык Судеш Кумарини 10:0, жарым финалда монголиялык Ариюнжаргал Ганбатты 10:0 эсебинде утуп, финалга чыккан эле.

Мээрим Жуманазарова 23 жашта. Ушуну менен экинчи жолу кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыгып жатат. Буга чейин 2021-жылы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында жеңүүчү болгон. Ал акыркы Олимп оюндарында коло байге алып, дүйнө чемпиону да болду. Жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган. Таймаштар 24-апрелге чейин уланат. Алгачкы эки күндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өттү. Бул мелдештерде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы үч алтын, үч коло байгеге ээ болушту. Эртең, 22-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн 53, 57, 62, 65 жана 72 килограмм салмакта байгелер ойнотулат. Бул күнү кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын төрт жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта күчүн сынайт. Андан соң эркин күрөш боюнча таймаштар башталат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG