Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Балбан Үзүр Жусупбеков Азия чемпионатында коло байге утту


Үзүр Жусупбеков.
Үзүр Жусупбеков.

Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Жусупбеков бүгүн, 20-апрелде грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште түштүк кореялык Жиу Паркты 10:1 эсебинде жеңип алды. Жусупбеков буга чейин эки беттеш өткөргөн. Алгач, чейрек финалда индиялык Рави Равини 3:1 эсебинде утуп, жарым финалда ирандык Мехди Мохаммад Балихамзехдеге жеңилген эле (1:4).

Үзүр Жусупбеков 26 жашта. Ал буга чейин Азия чемпионатында бир алтын (2019-ж.), эки коло байге алган (2016-ж., 2018-ж.). Азия оюндарында 3-орунду ээлеген (2018-ж.). Токио Олимпиадасынын катышуучусу (10-орун). Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Үзүр Жусупбековдун коло байгесин кошкондо Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү үч алтын, үч коло байгеге ээ болушту. Буга чейин алтын байгелерди Тынар Шаршенбеков (63 кг.), Акжол Махмудов (77 кг.) жана Жоламан Шаршенбеков (60 кг.) алса, Роман Ким (130 кг.) жана Адилхан Нурланбековго (72 кг.) коло байге буюрду.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 24-апрелге чейин уланат. Алдыда кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөштөн байгелер ойнотулат. 21-апрелде Мээрим Жуманазарова (68 кг.) жана Айпери Медет кызы (76 кг.) күрөшөт. Айсулуу Тыныбекова (62 кг.) 22-апрелде таймашат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG