Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:41

Балбан Жоламан Шаршенбеков Азия чемпиону болду


Архив сүрөт. Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда. 13-декабрь, 2020-ж. Белград, Сербия.
Архив сүрөт. Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда. 13-декабрь, 2020-ж. Белград, Сербия.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медал тагынды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Шаршенбеков бүгүн, 20-апрелде грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта финалда ирандык Мехди Сейфоллах Мохсен Нежадди 4:0 эсебинде жеңди. Аталган балбан менен Шаршенбеков 2020-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатынын жарым финалында да беттешип, 9:2 эсебинде жеңишке жеткен. Финалдык беттешке чейин Шаршенбеков эки атаандашын утту. Алгач чейрек финалда монголиялык Балжиннийам Цевеенравданды 8:0 эсебинде, жарым финалда казакстандык Ернур Фидахметовду 6:1 эсебинде жеңди.

Жоламан Шаршенбеков ушуну менен 3-жолу Азия чемпионатынын финалына чыгып, алгачкы жолу Азия чемпиону наамына ээ болду. Буга чейин эки жолу финалда жапониялык балбандарга жеңилип, Азия чемпионатынын күмүш байгесине ээ болгон. 2018-жылы бишкекте өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында 55 килограмм салмакта алтын байге үчүн беттеште Шота Танокурага (4:5), 2020-жылы Индияда өткөн мелдеште Фумита Кеничирого (0:4) утулуп калган эле.

Жоламан Шаршенбеков 23 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында эки жолу күмүш байге алган (2018-ж., 2021-ж.). Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү (2020-ж.) 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган (2019-ж.). Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 3-орунду (2016-ж.), жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 2-орунду ээлеген (2017-ж.).

Бүгүнкү чемпионатта грек-рим күрөшү боюнча 60, 67, 72, 82 жана 97 килограмм салмакта байгелер ойнотулду. Кыргызстандан беш балбан күч сынашты. Элдияр Сатаров (67 кг.) менен Калидин Асыкеев (82 кг.) алгачкы беттештеринде жеңилип, мелдештен четтеди. Адилхан Нурланбеков (72 кг.) коло байге алды. Ал 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Мирзобек Рахматовду жеңди (3:3). Алдыда Үзүр Жусупбеков (97 кг.) дагы коло байге үчүн күрөшөт.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган. Ушуну менен грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын эсебинде үч алтын, эки коло байге бар. Биринчи мелдеш күнүндө алтын байгелерди Тынар Шаршенбеков (63 кг.) жана Акжол Махмудов алса (77 кг.), коло байге Роман Кимге (130 кг.) буюрду. Азия чемпионаты 24-апрелге чейин уланат. Алдыда кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөштөн байгелер ойнотулат. 21-апрелде Мээрим Жуманазарова (68 кг.) жана Айпери Медет кызы (76 кг.) күрөшөт. Айсулуу Тыныбекова 22-апрелде таймашат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG