Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында финалга чыкты


Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта жарым финалда өзбекстандык Набира Эсенбаеваны таза жеңди (6:0). Ага чейин монголиялык Хонгорзул Болдсайханды 7:3 эсебинду уткан. Алдыда финалда жапониялык Нонока Озаки менен күрөшөт. Байге үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Бул Азия чемпионатында кыргызстандык Айпери Медет кызы 76 килограммдык салмакта алтын, Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта күмүш байге алды.

Айсулуу Тыныбекова 29 жашта. Азиянын төрт жолку, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган. Таймаштар 24-апрелге чейин уланат. Алгачкы эки мелдеш күнү грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өттү. Бул мелдештерде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы үч алтын, үч коло байгеге ээ болду. Алдыда эркин күрөш боюнча таймаштар бар.

XS
SM
MD
LG