Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Министрлик Кыргызстан эки жылда 1 млрд. доллар карыз алганы тууралуу кабарды четке какты


Финансы министрлиги.
Финансы министрлиги.

Финансы министрлиги социалдык тармакта тарап жаткан өлкөнүн тышкы карызы 1 млрд. долларга көбөйгөнү тууралуу маалыматты төгүндөп, билдирүү таратты.

Анда 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 758,3 млн. долларды түзгөн макулдашууларга кол коюлганы, анын ичинен – 291,5 млн. доллары грант болсо, 466,8 млн. доллары насыя экени көрсөтүлгөн.

Маалыматта 2020-жылдын октябрынан бери 1 млрд. долларга эмес, 466,8 млн. долларга кредиттик келишимге кол коюлганын, Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө экенин эске алганда, насыялар донорлор тарабынан абдан жеңилдетилген шарттарда берилери жазылган.

Каражаттар негизинен өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорго алынган. Алар: жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автомобиль жолдорун жакшыртуу, энергетика тармагын реформалоо, социалдык мекемелерди куруу жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү, таз суу менен камсыз кылуу жана республиканын ирригациялык системасын жакшыртуу.

Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы былтыр жыл ортосунда 416 млрд. сомдон (4 млрд 921 млн доллар) ашкан, бул сумманын 85% тышкы, 15% ички карыз.

Президент Садыр Жапаров 18-февралда өлкөнүн тышкы карызы боюнча билдирүү жасаган. Мамлекет башчысы Эгемендик алгандан бери Кыргызстандын топтолгон карызы 5 миллиард долларга жакындаганын, кайра кайтаруу мөөнөтү анын президенттик мезгилине туш келип отурганын белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG