Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Жаманкулов: Донбасс тууралуу тасмага уруксат берген бүтүмдү комиссия чыгарды


Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин орусиячыл жикчилдер “Донецк Элдик Республикасы” атап алган аймакта тартылган сүрөт. 28-апрель, 2014-жыл.
Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин орусиячыл жикчилдер “Донецк Элдик Республикасы” атап алган аймакта тартылган сүрөт. 28-апрель, 2014-жыл.

Донбасс тууралуу Орусияда тартылган тасмаларды Кыргызстанда көрсөтүүгө уруксат Кино департаментинин эксперттик комиссиясынын бүтүмүнүн негизинде берилгенин 22-апрелде «Азаттыкка» маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, министрликке караштуу Кино департаментинин комиссиясы бул тасмалардын зыяны жок деген жыйынтыкка келген:

«Биздин эксперттер карап чыкты. Атайын эксперттик комиссия бар, ошолор талдайт. Экстремисттик болбошу керек, балдарга зыян келтирбеши керек деген сыяктуу эрежелер бар. Ошол нормаларга каршы келбейт, эч кандай зыяны жок деген жыйынтык чыгарып беришти”.

"Чындыктын мезгили" деп аталган кинофестиваль алкагында 15-17-апрель күндөрү Бишкекте, Караколдо жана Кара-Балтада үч тасма акысыз көрсөтүлмөк. Бишкектеги Asia Mall соода борбору аларды көрсөтүүдөн баш тарткан. Кийин калган эки шаарда да көрсөтүлбөй турганы маалым болгон. Фестивалга жергиликтүү жарандык активисттер каршы чыгып, Кыргызстан Украинадагы окуяларды чагылдырууда орус маалыматтарынын таасиринде калганына айтып, коңгуроо кагышкан.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бул иш-чараны өткөрүүгө тиешеси жок экенин, анын демилгечиси "Гармония" орус маданий борбору болгонун билдирген.

Орусия 24-февралда Украинага кол салган. Муну өзү "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Орусияны агрессор катары айыптап жатат.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген. (EBM/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG