Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Украина орус аскерлери көзөмөлдөгөн аймакта сөөктөр жапырт көмүлүп жатканын кабарлады


Мангуш кыштагынын четинен тартылган сүрөт.
Мангуш кыштагынын четинен тартылган сүрөт.

Украинада орус аскерлеринин козөмөлүндө турган Мариупол шаарынын четиндеги Мангуш кыштагында сөөктөр жапырт көмүлүп жаткан жай аныкталганын жергиликтүү бийлик кабарлоодо. Социалдык түйүндөрдө 21-апрелде узундугу 300 метрлик жаңы казылган жерлердин спутниктен тартылган сүрөттөрү жарыяланды.

Мариуполдун мэри Вадим Бойченко Мангушка каза болгон мариуполдуктардын сөөгүн жүк ташуучу машиналар менен алып келип, казылган аңдарга таштап кетип жатышканын билдирди.

Спутниктен тартылган сүрөттөр бул жай март айынын аяк ченинде пайда болгонун көрсөтүп турары айтылууда.

Орусия бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG