Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Активисттер тынч митингдерге тыюу салууну сындашты


Талкууну Кыргызстандын акыйкатчысы уюштурду.
Талкууну Кыргызстандын акыйкатчысы уюштурду.

Бишкекте тынч жыйындарга чогулууга тыюу салган чараларды талкуулаган "тегерек столдо" бир катар жарандык активисттер бийликти жана күч органдарын чектөөлөр үчүн сындап, алардын жоюлушун талап кылышты.

Активист Мирлан Атакозу Кыргызстан эгемен өлкө экенин белгилеп, кайсы бир мамлекеттин элчилигинин талабы менен өз жарандарын кармоо туура эмес деген пикирин айтты.

Бүгүн 22-апрелде "Жарандардын тынч чогулуштарга болгон конституциялык укуктарын камсыз кылуу" аталышындагы "тегерек стол" талкуусу өтүп жатат. Аны өлкөнүн акыйкатчысы уюштурду. Жыйынга парламент депутаттары, жарандык активисттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Бишкекте орус-украин согушуна байланыштуу тынч жыйын, митинг же башка акция өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салынган.

Быйыл 5-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында жарандык активисттер тобу Орусиянын Украинада согуш жүргүзүшүнө каршы акция өткөрүшкөн. Алардын бири Мирлан Асакеевди милиция кармап кетип, Жазык кодексинин "Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренесинин негизинде 3 миң сом айыппул салган.

7-мартта ошол эле жерде Орусияны колдогон акция өткөн. Алардын эч кимиси кармалган эмес.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова элчилик алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кеткен. Кийин сот үчөөнө 3 миң сомдон айыппул салган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG