Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Орусия АКШнын вице-президентине өлкөгө кирүүгө тыюу салды


АКШнын вице-президенти Камала Харрис жана анын жолдошу Дуглас Эмхофф.
АКШнын вице-президенти Камала Харрис жана анын жолдошу Дуглас Эмхофф.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын 29 жаранына өлкөгө кирүүгө тыюу салды. 21-апрелде жарыяланган тизмеге АКШнын вице-президенти Камала Харрис менен анын күйөөсү Дуглас Эмхофф, Фейсбук социалдык түйүнүнө ээлик кылган Meta корпорациясынын кожоюну Марк Цукерберг, теле алып баруучу Жорж Стефанопулос, CNN телеканалынын журналисти Бианна Голодрыга жана "Медуза" басылмасынын англис тилиндеги версиясынын башкы редактору Кевин Ротрок бар.

Министрлик мындай чечим "Орусияга каршы улам кеңейип жаткан санкцияларга жооп катары" кабыл алынганын билдирди. Жаңыланган тизмеде америкалык саясатчылардан тышкары бизнесмендер жана эксперттер да бар.

16-апрелде Москва Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго жана бир катар британ министрлерине Орусияга кирүүгө тыюу салган. Алардын арасында Британиянын мурдагы премьер-министри Тереза Мэй да бар.

Буга чейин АКШ орус президенти Владимир Путинге, тышкы иштер министри Сергей Лавровго жана алардын кыздарына санкция салган.

Орус күчтөрү 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Москвага катар-катар экономикалык санкциялар да салынып, Батыштын жүздөгөн компаниялары Орусиядагы ишин токтотушкан. Адистер санкциялардын кесепети алдыңкы айларда дагы анык көрүнөрүн, орус экономикасы рецессияга туш болорун эскертип жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG