Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Депутат Ташиев министрдин орун басарын жана милицияны айыптады


Шайырбек Ташиев.
Шайырбек Ташиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев 22-апрелде «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын отурумунда Чүйдүн Шопоков шаарындагы эл аралык окуу жай боюнча маселени көтөрүп, бул ишке билим берүү жана илим министринин орун басары менен жергиликтүү милиция аралашканын айтып чыкты.

Депутат аталган окуу жайда студенттерди христиан динине мажбурлап тартуу жүрүп жатканын билдирип, муну мыйзам бузуу деп атады:

«Ал жерде райондук ички иштер бөлүмүнө, Билим берүү жана илим министрлигине айтса да эч кандай көңүл бурушпайт экен. Ички иштер бөлүмү, башкалар материалдык кызыкчылыгы бар экен. Билим берүү жана илим министрлигинин ичинде министрдин орун басарлары бар экен ректор менен чогуу отуруп чай ичип, чиркөөгө кирип-чыгып жаткан. Азыр мен айтсам туура эмес болуп калат. Студент балдар өзүлөрү айтып берет”.

Депутат окуу жайда түзүлгөн абалды бардык тараптардын пикирин угуу менен талкуулоого чакырды.

Былтыр 28-декабрда Интернетке чыккан видео кайрылуусунда өзүлөрүн Эл аралык универсалдык коллеждин студенти катары тааныштырган балдар мугалимдер аларды сабак учурунда Библияны окууга мажбурлап, эгер каршылык билдирсе окуудан чыгарарын айтканын, мусулмандардын укугу бузулуп, коллежди диний окуу жайга айлантуу аракети көрүлүп жатканын айтып чыгышкан. Ошондой эле алар коллежди жабууну, төлөнгөн контракт акысын кайтарып берүүнү да талап кылышкан. Студенттер текшерүү учурунда окутуучулар айрым диний китептерди катып, өрттөп жиберүүгө үлгүргөнүн айтышкан.

Билим берүү жана илим министрилиги окуяны териштирүү үчүн адистерин жөнөткөнүн, алар окуу жайдын администрациясы жана студенттери менен жолугушуп, тиешелүү документтер менен жеринен таанышканын жана маселе министрдин жеке көзөмөлүндө экенин ошондо билдирген.

Коллеждин жетекчилиги студенттердин билдирүүсүн негизсиз деп эсептей турганын 4-январда “Азаттык” радиосуна окуу жайдын окутуучусу Диля Сулайманова билдирген. Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү бир нече жолу текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуу тапкан эмес.

Тил жана маданият институту, Эл аралык универсалдык коллеж деп аталган кыргыз-корей окуу жайлары 2015-жылы Сокулук районундагы Шопоков шаарында «Жаңы Жибек Жолу Корпорациясы» коомдук кайрымдуулук фондунун колдоосу менен иштей баштаган. Учурда бул окуу жайларда 500дөй студент билим алууда. Окуу жай негизинен гуманитардык багытта билим берет.

Депутат Ташиевдин бүгүнкү билдирүүсү боюнча Билим берүү жана илим министрлиги азырынча комментарий бере элек, ал эми жыйынга катышкан ички иштер министринин өкүлү маалыматты тактагандан кийин жооп берерин айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG