Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

"Ислам мамлекети" Өзбекстанга ракета аттыбы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-апрелде социалдык тармактарда Ооганстандын аймагынан Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы аскердик жайларга он ракета атылганы тууралуу маалымат тарады. Расмий Ташкент бул маалыматты четке какты. Ал эми Термез шаарынын тургундары өзбек аскердик учактарынын тынбай учуп жүргөнү кооптондуруп жатканын айтууда.

"Америка авазы" радиосу экстремисттик топтордун интернеттеги иш-аракетине мониторинг жүргүзгөн SITE Intelligence Group уюмунун дүйшөмбүдө тараткан билдирүүсүнө таянып, “Ислам мамлекети-Хорасан” экстремисттик уюму Өзбекстандын Термез шаарындагы аскер базасын көздөй он ракета учурганын кабарлады.

Маалыматка караганда, ракета Ооганстандын Балх провинциясынын Хайратан шаарынан атылган. Экстремисттик топ муну ырастаган снаряддардын сүрөттөрүн жана видеолорун жарыялады. Бирок бул аткылоодон улам келтирилген зыян тууралуу маалымат тарай элек.

Шерзод Асадов.
Шерзод Асадов.

18-апрелде Ташкент ооган чек арасына жакын жайгашкан Термез районундагы өзбек чек арачылары Ооганстан тараптан аткылоого кабылганы тууралуу маалыматты четке какты. Өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Телеграмда калкты чагымга алдырбоого чакырды.

"Өзбекстандын Коргоо министрлигинин жана Чек ара күчтөрүнүн маалыматына караганда, өзбек-ооган чек чарасында аскердик аракеттер жок, абал туруктуу."

Коңшу өлкөнүн Коргоо министрлиги да тараган маалыматты жалган деп сыпаттап, өзбек-ооган чек арасы толугу менен Өзбекстандын аскерлеринин көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Термездеги аскердик объектилер "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук тобунун чабуулуна кабылганы жөнүндө маалыматтар буга чейин Телеграмдагы "Милитарист" жана "Военный обозреватель" деген каналдарга жарыяланган.

Забихулла Мужахид.
Забихулла Мужахид.

Ал арада Кабулдагы талиб өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Мужахид ракеталар кайдан атылганы такталып жатканын шейшембиде "Азаттык" радиосунун ооган кызматына билдирди.

"Ооганстандын өзүндө "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшүп жатабыз жана иш жүзүндө жеңдик. Алардын биздин аймакта бар экенине эч кандай далил, себеп жок".

Бирок талибдердин мындай билдирүүсүнө карабастан, "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук тобунан Ооганстанга коркунуч бар.

Шафик Хамдам.
Шафик Хамдам.

Коопсуздук боюнча эксперт жана НАТОнун Ооганстандагы мурдагы кеңешчиси Шафик Хамдамдын айтымында, талибдер "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун көз жаздымда калтырганы туура эмес. Ооган бийлиги аларга олуттуу мамиле кылыш керек деп эсептейт.

"Алардын Ооганстанга чектеш өлкөлөрдү бутага алуу үчүн курал-жарагы жана ракеталары бар", - деп эскертти Хамдам.

Мындай маалымат Өзбекстандын Ооганстан менен чектеш Термез шаарынын тургундарын да тынчсыздандырбай койбойт.

Атын атагысы келбеген шаар тургуну Өзбекстандын аймагына ракета атылганы тууралуу социалдык тармактардан гана окуганын "Азаттыкка" айткан.

"Бул тууралуу социалдык тармактардан гана окуйбуз. Шаарга жана ага жакын айылдарга ракета түшкөн жок. Маалыматтарда бомбалар Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик объектилерине атылганы айтылат. Бизге эч нерсе айтылган жок. Бирок шаар тынч".

Атын атагысы келбеген дагы бир термездик соңку күндөрү шаар үстүнөн аскердик учактар байма-бай учканын байкаган.

"15-апрелде Амударыядан эки учак учуп келип, шаардын үстүнөн айланып, кайра кайтып келишти. Аскердик учактардын катуу күркүрөп учканы бизди абдан тынчсыздандырат".

Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийин "Ислам мамлекети-Хорасан" террористтик тобу бир нече чабуул жасаган. Тактап айтканда, бул топтун согушкерлери Кабул, Кандагар жана Кундуз шаарларында бир катар теракттарды жасап, ондогон адамдын өмүрү кыйылган.

Эгер террордук топтун Өзбекстандын аймагын ракеталык снаряддар менен аткылаганы тууралуу маалымат тастыкталса, анда бул согушкерлердин Ооганстандын аймагынан тышкары кошуна мамлекетке жасаган биринчи кыянатчылыгы болмокчу.

Ооганстандын ичинде да "Ислам мамлекети" деп атап алган радикал тобунун чабуулдары токтой элек. Алар негизинен Кабул шаарында хазар тектүү шииттер жыш жашаган аймактарды бутага алып келет.

Мазари-Шариф шаарындагы шийилердин мечитиндеги жардыруудан кийинки көрүнүш. 21-апрель, 2022-жыл.
Мазари-Шариф шаарындагы шийилердин мечитиндеги жардыруудан кийинки көрүнүш. 21-апрель, 2022-жыл.

21-апрелде Ооганстанданын бир катар аймактарында болгон жардырууларга "Ислам мамлекети" тобу жоопкерчилик алды.

Өлкө түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарындагы шийилердин мечитиндеги жардырууда 11 адам каза болду. Жергиликтүү саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, отуздан ашуун киши адам жараат алган.

Ушул эле күнү Кундуз шаарында болгон жардырууда төрт киши курман болуп, жыйырма чакты адам жараат алды.

Ооганстан Борбор Азиянын үч өлкөсү - Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектеш. Түркмөнстан менен Өзбекстандан айырмаланып Тажикстан Кабулданулуттук азчылык өкүлдөрү кирген инклюзивдүү өкмөт түзүүнү талап кылып келет. Бирок "Талибан" тажик бийлигин алардын "ички ишине кийлигишип жатат" деп айыптаган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG