Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Бишкекте милиция машинага тартылган "Z" белгисин өчүрттү


ИИМ. Иллюстрациялык сүрөт.
ИИМ. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте машинасына "Z" тамгасын тартып алган айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу 22-апрелде «Азаттык» радиосуна шаардык милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди:

«21-апрелде"102" кызматына Тоголок Молдо көчөсүндө терезелеринде "Z" тамгасы чапталган автоунаа турат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматы барып текшергенде 1977-жылы туулган жаран машинасынын терезесине ак боек менен "Z" тамгасын тартып алганы аныкталган».

Айдоочу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин терезесиндеги жазуу өчүртүлгөн.

Буга чейин "Z" белгисин машинасына чаптап алган үч айдоочу аныкталган.

«Укук бузуулар жөнүндө» кодексте машинага жол эрежелерине тийиштүү болбогон сүрөт же жазууларды чаптоо мыйзам бузуу деп эсептелет.

21-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жеңиш күнүнө карата «Z» тамгасы жазылган аскердик костюмдар ижарага берилип жатканы тууралуу социалдык түйүндөрдө жаралган талкууга байланыштуу билдирүү тараткан. Анда атайын кызмат «Z» тартылган аскердик форма жана костюм улут аралык кастыкты козутарын айтып, 9-майда «Өлбөс полк» жүрүшүндө да андайды кийбөөгө чакырган жана кастыкты козуткандарга карата мыйзамда жаза чарасы каралганын эскерткен.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бул өлкөнүн айрым шаарлары жана айылдары тыптыйпыл кылынды, миллиондогон адамдар үй-жайын таштап качууга мажбур болду. Эки тараптан тең миңдеген адамдар, анын ичинде кичине балдар каза болууда. Орус аскерлери бул согушта «Z» символикасын кеңири колдонуп жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG