Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Мадумаров антимитингдер артында күч түзүмдөрү турганын айтты


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Кыргызстанда акыркы учурда нааразылык митиндерине күч органдары антимитинг уюштурган учурлар күч алды.

Бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров "Жарандардын тынч чогулуштарга болгон конституциялык укугун камсыз кылуу" деген темада өткөн талкууда билдирди.

Депутат күч органдарын чагым кылбоого чакырды. Жыйынга катышкан күч органдарынын кызматкерлери тынч митингдерде милиция кызматкерлери мыйзамдуу аракетке барганын айтышкан.

22-апрелде «Жарандардын тынч чогулуштарга болгон конституциялык укуктарын камсыз кылуу» аталышындагы тегерек үстол өтүп жатат. Акыйкатчы (Омбудсмен) институту өткөргөн жыйынга парламент депутаттары, жарандык активисттер жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда.

Бишкекте апрелдин башында тынч жыйын, митинг же башка акция өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салынган.

Быйыл 5-мартта Украинадагы согушка каршы чыккан активисттер тобу Орусиянын элчилигинин алдында акция өткөрүшкөн. Алардын бири Мирлан Асакеевди милиция кармап кетип, Жазык кодексинин "Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренесинин негизинде 3 миң сом айыппул салган.

17-мартта элчилик алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулованы милиция кармап кеткен. Кийин сот үчөөнө 3 миң сомдон айыппул салган.

Бишкек шаардык соту укук коргоочу Динара Ошурахунованын буга байланыштуу апелляциялык арызын 20-апрелде карап, ишти токтотту. Абдирасулова менен Токтонасыровдун арызы ушул эле сотто 26-апрелде карала турганы кабарланды.

Жарандык коомчулук митингдерге тыюу салууну сындап, ошол эле маалда Орусияны колдоп чыккандардын бирөө дагы жоопкерчиликке тартылбаганын эске салып келет.

Орусия 24-февралда "атайын операция" деген жүйө менен Украинага кол салган. Расмий Бишкек согуш башталгандан бери калыс позицияда экенин билдирип, эки тарапты тынчтыкка чакырып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG