Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш ишин "абсурд" деп атады


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган деп кылмыш иши козголгон иликтөөчү журналист Болот Темиров кыргызстандыктарга чукул кайрылуу жасады.

Анда Темиров 16 жыл мурда болгон окуяларга кайрылып, Ички иштер министрлиги козгогон кылмыш ишин "абсурд жана соттук келечеги жок" деп атаган.

"Мен ата-энеме жакшы билим бергени үчүн ыраазымын. Мектепти Москвада аяктагам, Москва мамлекеттик университетин бүтүргөм. Орусиянын илимдер академиясында аспирантурада окугам. Орусияда иштегенге бардык мүмкүнчүлүгүм бар болчу. Бирок орусиялык досторумдан "Орусияда эмне кылып жүрөсүң, мекениң каякта?" деген сөздү көп укчумун. 2006-жылы мекеним - Кыргызстан болот деп биротоло чечкем", - деген Темиров жарандыгы боюнча юристтер кошумча маалымат бере турганын кошумчалаган.

Темиров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге тоскоол болуп жатканын белгилеп, бирок бул мыйзамсыз иштер тууралуу президент Садыр Жапаров билер бекен деп суроо салган.

20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Болот Темиров орус жарандыгы бар экенин ырастап, бирок 2008-жылы кыргыз паспортун мыйзамдуу алганын айтууда.

18-апрелде Temirov LIVE Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Эртеси күнү эки иш козголгонун Темиров ушул иликтөөсүнө байланыштырып жатат. УКМК бул боюнча комментарий бере элек.

Быйыл январда шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон. Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Бул иш боюнча тергөө уланууда.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын белгилешкен. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс Темировго карата дагы эки кылмыш иши козголгонуна байланыштуу билдирүү таратып, мындай ыкма Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана журналисттерди коркутуу же басмырлоо максатында колдонулбашы керектигин белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG