Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Мариуполдун мэри жайкын тургундарды "толук эвакуациялоо" зарылдыгын айтты


Мариупол шаарынын тургуну, 71 жаштагы Тамара, 19-апрель 2022-жыл.
Мариупол шаарынын тургуну, 71 жаштагы Тамара, 19-апрель 2022-жыл.

Украинанын Мариупол шаарынын мэри Вадим Бойченко Азов деңизинин жээгиндеги бул калаадан жайкын тургундарды "толук эвакуациялоо" зарылдыгын айтты.

"Бизге бир гана нерсе керек, ал - калкты толук эвакуациялоо. Мариуполдо жүз миңдей адам бар", - деди Бойченко.

Бир күн мурда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу шаар орус күчтөрүнүн карамагына өткөнүн айткан. Бирок украин бийлиги Мариуполдогу "Азовсталь" заводундагы украин күчтөрү дале орус тарапка каршылык көрсөтүп жатканын билдирүүдө.

Бойченко март айынын башынан бери орус күчтөрүнүн тынымсыз чабуулуна кабылган бул шаарда он миңдеген адамдар мерт болгонун айтты. Бул санды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн боло элек. Орусиянын армиясы жайкын тургундарга ок атканын четке кагып келет.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук 22-апрелде Мариуполдон жайкын тургундарды алып чыгуу үчүн гуманитардык коридор ачылбай турганын, буга коопсуздук маселеси себеп болуп жатканын маалымдады.

21-апрелде Мариуполдон 79 жайкын тургун эвакуацияланган. Алардын көбү аялдар. Москва менен Киев эвакуация аракеттерине тоскоолдук жаратты деп бири-бирин айыптап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG