Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Британия Путин сыйлаган аскердик бөлүктүн командирине санкция салды


Орус күчтөрү чыгып кеткенден кийинки Буча шаарындагы көрүнүш, 13-апрель, 2022-жыл.
Орус күчтөрү чыгып кеткенден кийинки Буча шаарындагы көрүнүш, 13-апрель, 2022-жыл.

Британия Украинанын Буча шаарындагы кыргынга шектелген Орусиянын 64-мотоаткычтар бригадасынын командири деген Азатбек Омурбековду санкциялык тизмеге кошту. 21-апрелде жаңыланган санкциялык тизмеде подполковник Омурбеков Орусиянын жараны экени айтылган. Ошондой эле ал "Украинадагы кырдаалды туруксуздаштырган жана бул өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө, суверендүүлүгүнө жана көз карандысыздыгына коркунуч жараткан аракеттерди, саясатты колдогон же алга сүрөгөн" деп шектелип жатканы белгиленген.

"Омурбеков Орусия Украинага басып кирген маалда Киевдин четиндеги Бучада жайкын тургундарды өлтүрүүгө катышкан аскерлердин аракетин түздөн-түз тескеген же ага олуттуу таасири болгон", - деп айтылат санкциялык тизмедеги түшүндүрмөдө.

Би-Би-Синин орус кызматы жазгандай, 64-мотоаткычтар бригадасы Орусиянын Хабаровск аймагындагы Князе-Волконское кыштагында жайгашкан.

Буга чейин Украинанын президенттик кеңсесинин кеңешчиси Алексей Арестович Киевдин түндүгүндөгү Буча сыяктуу шаарчалардагы кыргынга шектелген орус аскердик бөлүктөрүнүн тизмесин жарыялаган. Алардын арасында 64-мотоаткычтар бригадасы бар эле. Аны улай украин медиасы бул бригаданы Азатбек Омурбеков жетектей турганын жазып чыгышкан.

18-апрелде орус президенти Владимир Путин 64-мотоаткычтар бригадасына "гвардиялык" деген наам ыйгарган. Анын жарлыгында аталган аскердик бөлүк "Мекенди жана мамлекеттик кызыкчылыктарды" коргоо багытындагы аскердик иш-аракеттерде "жапырт каармандыгын, эрдигин жана кайратмандыгын" көрсөткөнү белгиленген.

Орусиянын аскерлери Буча шаарчасынан марттын аягында чыгып кеткен. Андан бери Бучанын көчөлөрүндө табылган жайкын тургундардын туш келди жаткан сөөктөрү эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосуна кабылды. Украин өкмөтү бул шаарчада 400дөй адамдын өмүрү кыйылганын билдирип жатат. Азырынча Омурбеков жеке өзү Украинадагы согуштук аракеттерге катышканын же катышпаганын күбөлөгөн далилдер, сүрөт-видеолор жок. Британиянын санкциялык тизмеси боюнча орус тарап да, Омурбеков да өз позициясын билдире элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG