Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Аткезчилик менен электрондук тамеки ташыган ири канал аныкталды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Кытайда чыгарылган электрондук чылымдарды Кыргызстанга мыйзамсыз алып келип саткан жана Орусияга транзиттик жол менен алып өтүп турган канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

21-апрелде чет элдик жарандан 50 миң доллар опузалап талап кылган, мурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон И.М.Н. жана чет мамлекеттин жараны, Орусиянын атайын кызматынын мурдагы кызматкери Э.Н.И. кармалган.

Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Жунхай” базарынан Кыргызстанга бажы алымдарын төлөбөстөн ташылып келинген 70 миңден ашык электрондук чылымдардын партиясы табылган. Анын жалпы баасы 200 миң доллардан көп экени айтылат.

Кармалгандар Кыргызстанга жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге сатуу максатында электрондук чылымдарды Кытайдан аткезчилик жол менен алып өтүшкөнү аныкталган.

Учурда көзөмөлдөөчү органдардын кызмат адамдарынын бул мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экендиги, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү аныкталып жатат.

Статистика боюнча Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт. Андагы аткезчилик жана мыйзамсыз ишкердиктен турган көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өнүмдүн 37% барабар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG