Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Таалатбек Масадыков жумушчу сапары менен беш өлкөдө болду


Таалатбек Масадыков.
Таалатбек Масадыков.

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Атаханов менен биргеликте Өзбекстан, Пакистан, Ооганстан, Иран жана Бириккен Араб Эмираттарында жумушчу сапар менен болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

7-20-апрелдеги сапарында бул өлкөлөрдүн күч түзүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик мекемелеринин жетекчилери, эл аралык эксперттери менен жолугушканы айтылат.

Сапарлардын негизги максаттарынын бири аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшү, Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча коркунучтарга жана тобокелдиктерге, аймактык кызматташууга байланышкан маселелерди талкуулоо болгон.

Өткөн жылы июлда президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деп аталган жаңы кызмат түзүп, ага Таалатбек Масадыковду дайындаган.

Акыркы мезгилде Таалатбек Масадыков маалымат каражаттарына көп чыкпай калды. Өткөн жумада парламенттин тармактын комитетинде анын кызмат ордунун Конституцияга туура келер-келбеси жөнүндө сөз болгон. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG