Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Жарамазан – элдин эзелки салты


Архив сүрөт. Дүйнөлүк биринчи көчмөндөр оюну, Кырчын жайлоосунда этно-шаарча. 10-сентябрь, 2014-жыл.
Архив сүрөт. Дүйнөлүк биринчи көчмөндөр оюну, Кырчын жайлоосунда этно-шаарча. 10-сентябрь, 2014-жыл.

Тилекке каршы, ааламдашуунун айынан ондогон кылымдардан бери жашап келе жаткан көптөгөн улуттук баалуулуктар, элдик салттар жоголуп кетүү коркунучунда турат. Буга учурда убактыбызды эле эмес, бүт акыл-эсибизди, ой-кыялыбызды ээлеген жаңы технологиялар, интернет ааламы гана эмес, элдин рухий дүйнөсүнө улам барган сайын көбүрөөк сиңишип жаткан диндин таасири да себеп болууда.

Айрымдардын "динде жок нерселердин баары арам" деп, кыргыздын миң жылдык тарыхы бар каада-салттарын, ырым-жырым, жөрөлгөлөрүн жокко чыгарып, тыюу салышы да ушуга алып келүүдө. Мындай улана берсе, жакынкы он беш-жыйырма жылда дагы канчалаган улуттук нарк-насилдерибизден кол жууйбуз, ата-бабалар бизге калтырган таберик мурастардан куру калабыз.

Менимче, мындан бир топ жыл илгери атуу-баштуу эле дин аалымдары "Манас" эпосун окубай туруп, динге каршы коюп жеригендей, учурдагы таксырлар да жарамазандын чыныгы маани-маңызын, максатын, тагыраагы, анын философиясын жакшы түшүнбөй эле тыюу салып жатышат. Бүгүн элдин эзелки баалуу салттардын бири болуп эсептелген жарамазан тууралуу азын-оолак кеп кылайын деп чечтим.

Биз бала кезде жарамазан айтуу (бизде, Жерге-Талда рамазан деп аталат) өзүнчө майрам эле. Орозо айы башталганда кечтин киришин чыдамсыздык менен күтчүбүз. Билгендерден (көбүнчө чоң ата-чоң эне, же таята-тайенелерибизден) угуп, жарамазанды күн мурун жаттап, катуу даярдык көрөр элек. Ал кезде сыналгы да, азыркыдай балдардын бүт дүйнөсүн ээлеген азгырыктуу нерселердин бири да жок эле, андыктан жарамазан сыяктуу элдик жөрөлгөлөр, оюн-зооктор биз үчүн абдан кымбат болчу.

Жаш курагына жараша ар ким өз тобу менен айыл аралап, так эшиктин түбүнө барып: "Рамазан айтып келдим эшигиңе, Кудайым бир уул берсин бешигиңе…"- деп баштачубуз. Үй ээлери колундагысын дароо эле карматып сала бербей, жарамазанды толук айттырып угуп анан берчү. Үйүндө момпосуй, конфеттери жоктору курут, жумуртка, токоч, боорсок ж.б. беришчү.

Эгер үйдөн аксакал абышка-кемпирлер чыкса, бизге өмүр тилеп, алкап, жакшылык каалап алакан жайып бата беришер эле. Ал кездеги элдин колу ачык, пейили да башкача боло турган. Азыркыдай жарамазан айткандарды жаман көргөндөр, үйүнөн чыкпай жашынып алгандар такыр болчу эмес. Эч нерсеси жоктор да бизди жайдары тосуп алып, жылуу сөзүн айтып узатчу.

Биз жарамазан айтып тапкан нерселерибизди чогуу жечүбүз же тең бөлүшүп алчубуз. Мейли токоч болобу, мейли боорсок болобу – ошол кезде жеген нерселеримдин даамы өмүр бою оозумдан кетпечүдөй, ал тамактар мага башкача даамдуу болгондой сезиле берет. Балким, балалыктын өзүндөй эле, бала кездин тамагы да таттуу болоттур. Же мүмкүн бүгүнкү тамак-аштын түрү көбөйгөн төгүл-чачыл заманда нандын да кадыры жоголуп, анын чыныгы даамын сезбей калгандырбыз.

Жарамазандын мага жаккан дагы бир жери, биз жарамазан айтып бүтүп дароо тарап кетпей, ай жарыгында кубалашып же жашынмак ойноп, жыргалга батчубуз. Моокумубуз канганча чардап, түн бир оокумда гана үйгө тарачубуз. Эми ойлоп көрсөм, досторум менен жарамазан айтып жүргөн жомок сыяктуу ошол күндөрүм балалыгымдын эң бактылуу учурларынан болгон экен. Өкүнүчкө жараша, биздин балдар ошол бакыттан, ошол шыбагадан куру калып жатат.

Рахматы таенем Гүлдардын айтканына караганда, илгери, каатчылык заманда, негизинен чоң кишилер жарамазан айтышчу тура. Жарамазанды көрүнгөн эле киши айта бербей, дээринен мындайга жөндөмү бар, кеп-сөзгө шыктуу, үнү мукам адамдар айткан экен. Таенемдин бала чагында (өткөн кылымдын 30-40- жылдары) жокчулуктун айынан Баткен тараптан Кара-Тегинге ооп келген бир киши жарамазанды укмуш айтчу тура.

"Аны баары "Чайырчы" дешчү. (Жаңылбасам, чайырчы уругундагылар Баткендин Зардалы айылында жашайт. Ачарчылык болгондо жерден чайырдын (уулжандын) тамырын казып жешкени үчүн ушундай атка калган деген сөз бар. Чайырдын тамыры Жерге-Талдын элин да нечен жолу аман алып калганы тууралуу уккам. - А.К.). Ысымы да болсо керек – эсимде калбаптыр. Ал орозо айында айылдан-айыл кыдырып рамазан айтчу. Ал келди дегенде кыштактын эли бир жерге чогулчу. Эми анын үнү укмуш эле, ал рамазан айтып жатканда дым тартпай муюп укчубуз. Пайгамбарлар жөнүндө айтканда анын үнү ушунчалык муңдуу чыккандыктан, кээ бирлер чыдабай ыйлап жиберчү", –деп таенемдин айтканы азыр да эсимде.

Демек, жарамазан бул жаштар үчүн өзүнчө романтикалуу салт эле болбостон, бир замандарда элдин рухий муктаждыгын канааттандырган, анын көңүлүн ачуучу өнөр (мисалы, театр сыяктуу) катары да кызмат кылган.

Ал эми Кыргызстандын аймактарында кишилер комуз, аккордеон же башка музыкалык аспаптарын көтөрүп алып, айылдан-айыл кыдырып жарамазан айткандар да болуптур. Жаразамандын текстине карасак, мурдагы турмушта курут, май, эт же колунда барлар козу, кой, а өтө байлар тай берген учурлар да болгон окшойт.

Жарамазан – обондуу ыр түрүндө айтылган фольклордун өзүнчө бир жанры. Ал – дин менен оозеки чыгармачылыктын чегиндеги, экөөнү тутумдаштырган, жакындаштырып бириктирген өзгөчө көрүнүш. Муну тыюу таптакыр туура эмес, тескерисинче, эң мыкты айткандарды мактап, жарамазан айтып келгендерге көңүлдөн чыккан нерсени (мейли акча болсун, мейли башкасы болсун) берип койсок туура эле болот – мындан эч жерибиз кемип кетпейт. Жогоруда айтып өткөндөй, ал диний жана динден тышкары турган маданий чөйрөнү жуурулуштургандыгы үчүн да баалуу.

Биз угуп-көрүп жүргөн, кээде тексттерин окуп жүргөн жарамазандын мазмунуна карасак, орозонун пайдалуулугу, орозо туткандардын тилектери аткарылсын деген каалоо, пайгамбарга болгон мактоолор көп эле кездешет. Маселен:

Алты канат керегең ордо болсун,

Алты азамат уулуң молдо болсун.

Жети канат керегең ордо болсун,

Жети азамат уулуң молдо болсун.

Же:

Он эки айда бир келет рамазан,

Рамазанда тутулат орозо жан.

Рамазан жаныбар кайдан келген,

Маккатилла, Мадина жайдан келген, – деген сыяктуу динге байланыштуу да саптар учурайт.

Ошол учурда молдолор динди жайылтуу үчүн биздин элдин оозеки чыгармачылыкка, ырга шыктуулугун, көркөм сөзгө жакын табиятын эске алып, жарамазанды колдоп, кайсы бир деңгээлде ал аркылуу да үгүт жүргүзгөн десек болот. Ал эми бүгүнкү күндө жарамазанды жерибей, тескерисинче, аны диний жана динден тышкаркы чөйрөнү жакындаштыруучу, дин менен элдик салтты бириктирүүчү, ийкемдүү кылуучу таяныч катары пайдаланса болот.

Эң башкысы, ар кандай себептерден улам жоголуп бараткан жарамазан өңдүү улуттук салттарыбызды кайра жандандырып, жаңыртып, балдарга, жаштарга үйрөтүүбүз зарыл. Антпесек, ата-бабаларыбыз бизге калтырган рухий мурастарды келечек муундар үчүн сактап кала албай калабыз.

Кара-Тегинде айтылчу жарамазандан үзүндү:

(Мамлекеттик дин комиссиясынын түштүк аймак боюнча бөлүм башчысы Ысакбай Мурзабековдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

Рамазан айтып келдим эшигиңе,

Кудайым бир уул берсин бешигиңе.

Эшигиңдин алдында мака почок,

Кудайым бир уул берсин тилла чочок.

Алты канат керегең чатыр болсун,

Алты азамат балдарың баатыр болсун,

Жети канат керегең чатыр болсун,

Жети азамат балдарың баатыр болсун.

Казан-аяк шарактайт,

Курут берет шекилди.

Бычак учу жылтырайт,

Май томорот шекилди.

Болчу-болчу болчу бай,

Бөдөнөнү салчу бай.

Кумда коюң жайнасын,

Куйрук-боор жеп жатың.

Жакканыңыз арча болсун,

Жамынганың парча болсун.

Бергениңиз белек болсун,

Акыретте шерик болсун.

Кылганыңыз сооп болсун,

Кыяматта жооп болсун!

Аким Кожоев.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG