Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

Тегиң ким? Иденттүүлүктүн бүгүнкү мааниси


Бишкектин көчөсүндө ойногон балдар.
Бишкектин көчөсүндө ойногон балдар.

Эски жана жаңы тобокелчиликтерди, универсал жана эксклюзивдүү чакырыктарды айырмалай билишибиз зарыл. Баардык өлкөлөргө мүнөздүү, орток көйгөйлөр менен катар айрым гана өлкөлөргө таандык, алар үчүн гана актуалдуу коркунучтар бар.

Эгемендүү деп эсептелген 31 жыл ичинде Кыргызстандагы өзгөрүүлөр татаал окуялар , социалдык, саясий оор сыноолор, азаптуу коллизиялар менен коштолду. Дүйнөдө миграциянын, маданий карама-каршылыктардын, конфликттердин, агрессиянын жана көңүл калуунун, ишенбөөчүлүктүн жана социалдык фрустрациянын масштабы кеңейүүдө, денгээли жогорулоодо.

“Тобокел коом” аныктамасы дүйнөнүн көп өлкөсүн кыйгап өткөн жок, анын ичинде биздин мамлекет да ушул кооптуу жагдайга кептелди. Глобализация менен удаа улуттук социомаданий иденттүүлүктөр трансформацияланууда. Идентүүлүктөрдүн этностук, конфессиялык, маданий, локалдык, аймактык, социалдык түрлөрү мазмунун жана формасын өзгөртүүдө. Алардын айрымдары агрессивдүү гана эмес, криминалдык мүнөзгө ээ болууда. Бул жаңы жана масштабдуу тобокелчиликтердин бири.

Этностук жана жарандык иденттүүлүктүн катышы, алардын иденттүүлүктүн башка түрлөрү менен байланышы жана ажырымы биз анча маани бербеген, бирок келечекте өлкөнүн суверенитетине, өз алдынча, унитардуу мамлекеттүүлүгүнө, мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч жаратуучы чакырык. Биз улуттук иденттүүлүктүн тажрыйбасын толук түшүнө электе, улуттук мамлекет курууга жаңы киришкен кезде бош калган идеологиялык мейкиндик, баалуулуктар чөйрөсү, маданий вакуум түркүн идеологиялык, саясий жана нравалык баалуулуктардын, диний-конфессиялык таасирлердин албуут агымына туш болдук.

Улуттун иденттүүлүгүнүн формуласын так айткан киши жок. Издеп келебиз, изденип келишет. Европадагы мультикультурализм идеологемасы кыйрап, Европа мамлекеттериндеги улуттук мамлекеттердин улуттук дөөлөттөрүнө шек келип, тыштан келгендердин, бир кезекте алардын колониясынан агылган мигранттардын азап-тозогун пайдаланган жихадчылар кол сала баштаганда гана ойгоно башташты.

Ашыкча либерализм терс натыйжасын берүүдө. Диний эркиндик чектен чыгып, динге жамынган экстремизм жайылды. Айрыкча исламчыл деп аталган, бирок ислам динине эч тиешеси жок агымдар, экстремисттик жихадчыл уюмдар барган сайын агрессивдүү болуп, кулачын жайып, калың катмарды өз кучагына ала баштады. Кай бир мамлекеттер үчүн бул коомду көз караштары, айлана чөйрөгө жана социалдык процесстерге мамилеси ар башка топторго жана антагонисттик фрагменттерге бөлгөн, улуттук биримдикке жана иденттүүлүккө шек келтирген факторго айланды.

Иденттүүлүктүн ар доорго мүнөздүү түшүнүгү бар. Бизге жагабы же жокпу, айтор адам баласы өз кандаштарын башкалардан айырмалайт, өз жана жат деп бөлөт. Инстикт деңгээлинде калыптанган туруктуу кубулуш. Бул инсандын өзүн өзү аңдоосунун, таандыктыгын аныктоо жолу. Психологдор этностук идентификацияны инсандын муктаждыгы, анын жашоо абалы, өзүн өзү коомдо аныктоонун зарыл көрүнүшү деп эсептешет. Идентификация инсандык муктаждык гана эмес, топтун башын бириктирген, этносту этнос катары аныктаган негизги нерсе.

Дүйнө таным, каада-салттар, баалуулуктар, жалпы кызыкчылыктар, тил, маданият ж.б. баары этностук идентификациянын маанилүү компоненттери. Булар толук болбошу ыктымал. Тилин билбей, бирок өзүн кайсы бир улутка таандык деп эсептегендер ааламда арбын. Төрт атасынан бери Москвада жашаган грузин эне тилин билбеши ыктымал, бирок өзүн грузин деген сезимден ажыраган эмес. Бабасы Петербургда туруп калган армяндын эмки тукуму өмүрү Арменияны көзү көрбөсө да Арарат тоосун ыйык деп эсептейт, боор тартат, армянмын деп эсептейт. Грузиндер, армяндар Орусияда орус жараны.

Орусча сүйлөйт. Бирок москвалык грузин, питердик армян деп идентификацияланат. Тегин сактап калдыбы. Албетте, сактап келет. Дал ушул жерден таалай издеп, бак издеп, карандай турмуштун айынан жан бакканы тышка кетип, эми башка өлкөнүн жарандыгын алгандар кыргыз иденттүүлүгүн өз балдарына өткөрүп бере алабы же жашоо кай жерде жакшы болсо, мекеним ошол деген көз карашты сиңиреби. Кыргызстандагы кыргыз үчүн улуттук иденттүүлүктү приоритетпи же диний, социалдык же дагы бир иденттүүлүк ага кымбатпы? Кыргызстандагы башка улуттун өкүлдөрү үчүн жарандык иденттүүлүк баалуубу же утурумдук нерсеби? Бул маселени баш катырып, үнүлө карап изилдей элекпиз, тилекке каршы.

Ошентип, адеп психологдор киргизген иденттүүлүк түшүнүгү бара бара социалдык, саясий категорияга айланды. Иденттүүлүк маданий фактор. Баалуулуктар тутуму. Иденттүүлүк саясий фактор, анткени адамдардын кайсы бир улутка, өлкөгө, мамлекетке байланган иденттүүлүгү улуттун, мамлекеттүүлүктүн мүнөзүн гана эмес, анын барчылыгын аныктайт. Демек иденттүүлүк улуттук мамлекеттин пайдубалы.

Иденттүүлүк бул менталдык кубулуш. Улуттук иденттүүлүк ошол улуттун образы. Иденттүүлүк бул сезим, жалпы кызыкчылыктар. Диний таандыктык менен улуттук иденттүүлүк дайыма дал келбейт. Иденттүүлүк кырдаалга жараша актуалдашат. Адам кайсы бир социалдык топко таандык болушу мүмкүн. Ошол топтун баалуулуктарын өзүнүкү эсептеп, демонстрациялайт. Диний иденттүүлүк жалпылаштыруучу күчкө ээ жана кээде улутка карата космополиттик, айырмачылыктарды жымсалдоочу сапатка ээ.

Социалдык жана диний иденттүүлүк аныктоочу факторго айланганда улуттук иденттүүлүк актуалдуулугун жогото баштайт. Бириктирген байламталар бошойт, айырмалаган түстөрдүн өңү өчөт, жакындыкты билдирген нерселердин кунары качат. Адегенде кыргыз, анан гана барып кай бир динге ишенген, кай бир топко кошулган, кай бир наркты туткан пенде экени эстен чыкканда улуттук иденттүүлүк кыйрайт. Адам улуттук тамырынан ажыраган камгакка айланат. Камгак феномени оңой жоо эмес, далай элди ассимиляция кылып, түбүнө жеткен. Адегенде улуттук иденттүүлүк, ана гана башка формалары актуалдашууга тийиш. Бул улуттук иденттүүлүктүн пайдубалы. Ансыз иденттүүлүктүн башка формалары актуалдашып, улуттук компонент жокко чыгат.

Мамлекеттин аты калып, анын жарандары атын берген эл эмес, башка иденттүүлүктү тандашы толук мүмкүн. Кашкарлык Махмуддун “Дивани-лугат-ат Түрк” сөздүгүндөгү аты аталган ондогон элдердин азыр бир нечеси гана өз алдынча этнос, айрымдары гана өз алдынча мамлекети бар улут. Калганы он кылым ичинде кумга сиңген суу сымал тарых бүктөмүндө аты калып, өзү жок. Ошол эле бир-эки муун ичинде улут жок болуп кеткен учурлар да тарыхта көп кездешет. 19-кылымда бир миллиондон ашык сарттар эки жолку каттоодо дайынсыз кетти.

Тескерисинче, бир муундун өмүр жашы ичинде улутту калыптандырса болот. Мисалы, өзбектер. Бир жарым кылымда бирдиктүү, иденттүүлүгү бекем улутка айланды. Диний эмес, улуттук негизде иденттүүлүгү чыңдалды. Түрктөрдү алалы, диний иденттүүлүк эмес, түрк иденттүүлүгү негизги иденттүүлүк, башкы жалпылык. Ататүрк аталган Мустафа Кемалдын изги саясатынын натыйжасында грек, армян, азербайжан, грузин ж.б. ондогон этностор түркиялык түрк, түрк улутунун өкүлдөрү, Түркиянын жараны. Айтмакчы жарандык иденттүүлүк ошол өлкөгө таандык болуу, сыймыктануу жана ошол өлкөнүн коргоосунда экендиги сезүү менен аныкталат.

Илгери Афина мамлекетинин башчысы Перикл өз жарандарын өлсө сөөгүн талаага таштабайт жана урматтайт, тирүүсүн кор кылбайт жана барктайт деген сыймык жаратып, кепилдик берген сыяктуу, бир өлкөнүн жараны болуу сезими жарандык жоопкерчилик менен катар иденттүүлүктү шарттайт. Кыргызстан үчүн улуттук да, жарандык да иденттүүлүк оор проблема.

Эксклюзивдүү чакырык, анткени башкаларга караганда бизге көбүрөөк таандык. Өзүбүз көп жылдардан бери бейжоопкер башкаруунун натыйжасында жаралган чакырык. Сырттан бизге таңууланган, эми минтип энчиге айланып бараткан коркунучтардын анабашы. Аты кыргыз, заты башка муун калыптанса, кыргыз иденттүүлүгүнөн баш тартса же меркантилдик кызыкчылыгы үчүн садага чапса, анда кандай күн болот?

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

Дал ушул маселе бизди түйшөлтүп, мен көйкашка интеллектуалмын, жоопкер саясатчымын, сайкүлүк ишмермин дегендерди да, кыргыз бойдон калам деген, азырынча көпчүлүктү түзгөн жамыбызды ойлонтууга тийиш.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG