Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Жарамазан же тилемчилик...


Орозо айында балдардын жарамазан айтканы мурда жакшы көрүнсө, азыр ал жадатма көрүнүшкө айланды. Жарамазан балдарды бекерчиликке үйрөтөбү?

Кечээ мен, Бекмурат, Сыдыкбек, Курманбек болуп бир жерде тамактанып отурдук. Ошол убакыт ичинде жарамазанчылар жаныбызга төрт-беш жолу келди. Жалаң 10-13 жаштагы тестиерлер. Келечек тууралуу ой жүгүртө баштаган, анча-мынча спорттук жетишкендиги бар же музыкалык аспапта кол ойнотуп калган курак.

Бирок өсө турган куракта көздөрүн жалдыратып, акча бербесең кетпейм деп турганы мугалим катары мага катуу тийди. Сөздөрү түшүнүксүз. Жарамазанды деле жарытып айткан жери жок. Эптеп эле күңк-мыңк дешет. Жалгыз келгендери да болду. Биз бала куракта жалгыз жарамазан айтыптыр дегенди уксак, оозубузду ачып таң калсак керек...

Ошентип түнкү саат 10дон өтүп калганда футболка, шортик кийген, татынакай эки бала кирди. Беттери болпоюп аппак. Булар дагы мыңкылдай баштаганда токтотууга туура келди.

- Канчанчы класста окуйсуңар?

- Алтыдан жетиге көчтүк.

Бирөө дагы деле мыңкылдап атат.

- Минтип түндө жарамазан айтпай, тил үйрөнүп, кошумча сабактарга барбайсыңарбы?

- Аңгыча Сыдык досум сөзгө кошулду:

- Жарамазан айтып тапкан акчаны не кыласыңар?

- Керектүү нерсе алабыз.

- Кийин депутат же президент болуп калсаңар, мен жаш кезимде жарамазан айткам дейсиңерби?

Балдар дулдуюп сүйлөгөн жок.

- Кой, иничектер, минтип тилемчилик кылбагыла, апаңарга жардам бергиле, ал акчаны апаң деле берет.

Капчыгымдан 100 сом алып чыктым. Колума ошол урунду. Биресе уяткаргым келсе керек.

- Муну алып экөөң бир нерсе алып жегиле. Бирок жарамазан айткан уят, мындан кийин айтпагыла макулбу?

Экөө макул же жок дебей, мулуңдаган бойдон акчаны талашып чыгып кетишти. Айткан акылыбыз кулак сыртынан кетти көрүнөт. Сыягы балдар мени акчасы көп ишкер же базарда контейнери бар, колу ачык соодагер деп ойлоп калышты. Адатта балдарга чака тыйын эле беришет эмеспи.

Бул көрүнүштөн кийин жанатан кызып калган темабыз унутулуп, сөзүбүз жарамазанчыларга бурулду. Бала куракты кезди эстедик.

- Ооба, орозо айынын 15инен кийин он чакты бала эл ооз ачып бүткөн маалда филармониянын хор группасындай болуп каз-катар тизилип алып жарамазан айтаар элек. Үйдүн кожоюну, балдары баш болуп сыртка чыгып жардана карап турушчу.

- Айта түшкүлө, ии!

- Кана эми, батаңарды бергилечи!

- Ой азаматтар, өмүрлүү болгула!

Үй ээсинин алкоосунан соң быйтыйган колдорубузду жайып, эбиреп бата берип, анан чоң эне берген момпосуй, алма-өрүктү кужулдашып бөлүшүп калар элек. Ооба, акча эмес, момпосуй же алма-өрүк гана болчу.

Эсиңиздерде болсо ошол 90-жылдарда жашоо оор эле. Ошондо да үйгө жарамазандан түшкөн “шыбаганы” көтөрүп келсек, атабыз урушуп салчу. “Ошол жактан жеп келбейсиңби, эмне жарамазан айтып үй-бүлө багат белең” деп. Кийин чоңоюп, мектепке бара баштаганда уялып айтпай калдык.

6-класс. Келечекте президент болом, учкуч болом. Чемпион болуп дүйнөгө таанылам деп кыялдардын кучагында жашаган алтын курак. Жайлоого козу-улак кайтарып кетип же шаарда калса күн бою топ тээп чарчаган курак. Шаар четиндеги үйлөрдүн кызарып бышкан гиласын уурдап жеп, качкан курак. Чогулуп отуруп алып, атактуу футболчуларды кеп кылып, дүйнөдөгү өлкөлөрдүн борбор шаарын жатка айткан курак. Көздөрү күйүп караганда келечекке үмүт берип, чоңдордун балалыкка кайткысын келтирген, суктандырган курак.

Бирок токтогон машинеге, кафелерге, дүкөндөргө жарамазан айта турган курак эмес.

Жарамазан мындай болбойт. Бул жарамазан дагы эмес. Бул нагыз тилемчилик. Кийим бүтүн, карды ток, дени сак туруп кайыр суроо.

Айткылачы, кеч киргенде оозун кыбыратып ар жерден акча чогулутуп, анан таң атканча компьютер ойногон балдар кантип келечекти курат?

Бечара тиги жарамазанчы балдарды күнөөлөгөн жерим жок. Балмуздак жегиси, компьютерде ойногусу келет. Бала да. Ата-энеси айтып койбосо, көзөмөлдөбөсө, түнкү 12ге чейин ким менен жүрөт деп кызыкпаса... Бала эмне кылсын. Жарамазан айтат да. Бекер оокат...

Балким ошол 7-класска көчкөн балага атасы дасторкон үстүндө акыл-насаатын айтып уяткарып койсо, ойлонуп калмак. Жеткинчек куракта бала баарын тез кабыл алат эмеспи.

Орозо айында өзүмчө тилек кылдым. Балдарыбыздын келечеги жарык болсун! Өлкөнүн жүгүн көтөрүп кете турган муун тарбиялансын! Ата-энелер балдарынын ийгилигин көрүп кубансын! Балдар биздин келечегибиз! Келечегибиз кең болсун!

Улукбек Омокеев
Улукбек Омокеев

Улукбек Омокеев, блогер

P/S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG