Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:02

Кесип тандоодо жүрөктү тыңша...


Улукбек Омокеев
Улукбек Омокеев

Ушул күндөрү жалпы республикалык тестке даярдык көргөн мектеп бүтүрүүчүлөрү аябай көп. "Кайсыга окуйсуң?" деп сурасаң, дээрлик 80 пайызы медицинага деп жооп беришет. Чын эле оору ушунча көппү бизде же медиктердин айлыгы, иши жакшыбы? Чын эле бүтүрүүчүлөр мыкты дарыгер болуп, элге кызмат кылгысы келип жатышкандыр. Эң аянычтуусу, медициналык жогорку окуу жайга өтүү абдан кыйын.

Эң жогорку балл алгандар конкурска катышат. Бюджеттик топко илинүү андан кыйын. Кыргызстан боюнча менмин деген азгантай студенттин катарында болушуң керек.

Былтыр айылга барсам уу-дуу кеп. Бийик тоолуу аймактагы мектептин бүтүрүүчү кызы ЖРТдан жакшы балл алып Медакадемияга бюджетке өтүп кетиптир. Ишенсеңиз, балким айыл боюнча, жок, өрөөн боюнча жалгыз ушул кыз болсо керек, алдыңкы абитуриенттердин катарына кирген.

- Ой коё турса болбойт беле?

- Эмне болуптур, тийсе тийди да, бир жакшына бала. Анан да сүйлөшүп жүрүшкөн.

- Жакшы бала экенинде кеп жок. Бирок мыкты врач кыздан айрылдык билсеңиз.

- Айрылбай-этпей эле мыкты үй-бүлөлүү болду биздин айыл?

- Элестетчи, 10 миңдеген доллар пара берип, бюджетке өтө албай жүргөндөр бар.

- Бюджетке дейсиң да, контратка деле өтүш кыйын азыр.

- Башка өткөндөр догдур боло беришсин, бул кыз жакшы апа болсо биз үчүн жемиш.

- Эмнеси болсо да бактылуу болушсун.

Ушинтип маектешип жатышты айылдагы туугандар.

- Түшүндүрүп айткылачы, эмне болгон окуу, кайсы кыз? – дедим мен чыдабай.

- Биздин тиги паланчанын кызы жогорку балл алып Бишкектеги врачтын окуусуна бюджетке өтүп келген өгүнү. Анан айылга келери менен түкүнчөнүн баласына турмушка чыгып кетти. Жанатан бери ошону талашып жатабыз, - дейт тууганым.

- Эй кандай неме, эл пара берип да өтө албайт азыр. Азыр деген ким жогорку балл алса ошонусу өтөт. Мындай мүмкүнчүлүктү неге коё беришти. Айыл башчылар деле киришсе болбойбу? Кийин деле турмушка чыгып үлгүрөт эле го, - деп туталанып кеттим.

- Ошону айтсаң, - деп бир-экөө коштоп да кетти.

Өзүм балдарды кыргыз тилинен тестке даярдайм. Бечара бүтүрүүчүлөр үмүт менен ар кайсы мугалимге барып даярданышат. Химик менен биологдор жетишсиз болгону үчүн, канча десе да төлөп окушат. Шаарда го даярданганга мүмкүнчүлүк бар. Айылда ким даярдайт. Даярданбай, карандай талант, зирек акыл менен ушунча көп балл алса, эмнеге окубай койду. Ушуларды ойлоп кеч жаттым.

Эртеси машине менен чөпкө жөнөдүк. Жүк ташуучу машиненин бортунда келатсак, бир бала менен бир келин ээрчишип бара жатыптыр.

- Тиги кимдер,- дедим мен.

- Жанагы окууга өткөн кыз, - деп жооп берди жанымдагы.

Биринин колунда чалгы, биринин колунда бешилик. Бала артына баштык асынып алган. Бири-бирине тийишип, күлө карашып, божурашып алда немелерди сүйлөшүп, саргыч-жашыл талаанын фонунда көлдөгү кош ак куунун элесин берип бара жатышты. Аңгыча зуулдаган машине алардын жанына жете берди. Багытыбыз бир эле. Чыгып алгыла дегенибизге көнүшкөн жок. Чалгысы менен бешилигин, баштыгын берди да, өздөрү тоо этегиндеги шалбааны карай ээрчишип жөө сапарын улашты. Сыягы, таттуу маек, кызыктуу сапарына кимдир бирөөлөрдүн тоскоол болушун каалашкан жок.

Түндөгү кыжырдануум бат эле тарап кетти. Ал тургай ал ойлорумдан уяла баштадым. Ал кызды башта көрбөсөм да ак халат, ак чепчик кийген, тоолук ак пейил мүнөзү өзгөрө элек, шаардык келбет күтүп калган дарыгер кыз катары элестетип алган элем. Эми болсо эч андай ал элести кайрый албай койдум. Көзүмө ак жоолук салынган, кызыл халатчан, өзүнө жарашкан сырдаш жолдошу менен эркелеше ээрчишип бараткан келин катары гана тартылып кала берди.

Эмне дээримди билбейм. Бир жакшына үй-бүлөлүү болушту. Эмгиче балалуу да болушкандыр. Балким ал кыз мыкты кесипкөй дарыгер болот беле. Аны да билбейм. Деги эле эртең эмне болушун билбейбиз. Паландай болмок, түкүндөй болуп кетмек деген жоромолдор балким эртең таптакыр тескери ой-жорум болуп калышы мүмкүн.

Биз өтмүштү билебиз. Мисалы, бир жакшы мугалим кыздын Оштогу медицина факультетине өтүп, эки ай окугандан кийин таштап салып, кийинки жылы кайра тапшырып математика мугалими адистигине окуганын билем. Азыр ал 26 жашта, бир мектептин директору. Негизги тести 200 баллдын тегерегинде болуп, бирок химиядан аз болуп калганда мен медик болушум керек, деп кийинки жылы кайра тест тапшырып, медфакка өткөндөрдү да билем. Ар бир адам жүрөгүнүн тандоосун тыңшаганы ийги окшойт. Балким, мен жогорудагы сөз кылган келиндин жүрөгү "үй-бүлөнү" танда дегендир.

Урматтуу орто мектепти бүтүп жаткан менин ини-карындаштарым, силер эмнени тандайын деп турасыңар?

Улугбек Омокеев, блогер

XS
SM
MD
LG