Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Жалал-Абадда милиция жарамазандан чогулган каражатты балдар үйүнө которот


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери казыят жана жаштар менен биргеликте рамазан айында өткөргөн “Жарамазан” акциясынан чогулган каражаттар толугу менен балдар үйүнө жана жардамга муктаждарга берилет.

Бул тууралуу облустук ИИБнин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Облустагы жетекчилердин жана жарандардын үйлөрүнө төрт күн жарамазан айтып барышып, 100 миң сом каражат чогултушкан.

Иш-чаранын негизги максаты – ыйык орозо айында айрыкча ата-энеси жок, оор шарттарда тарбияланып, балдар-жатак үйлөрүндө билим алып жаткан өспүрүмдөргө жакындан жардам берүү, кышка карата кийим-кече жана тамак-аш менен камсыздап, келечекте илим-билим алып коомубуздун татыктуу жарандарынан болушуна шарт түзүү. (RsK)

XS
SM
MD
LG