Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:00

Баткенде жыл башынан бери 50 килограммдан ашык баңгизат кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жыл башынан бери 30 килограмм баңгизат кармалды. Бул тууралуу облустук башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары облустук баңги заттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан да 22 килограммдан ашык маңзат кармалган.

Баткен облустук баңги заттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Таалай Искендеровдун айтымында, өткөн айда Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары биргешелип наркотик ташыган эл аралык канал жабылган. Анда уюштуруучу Бишкекте түрмөдө жазасын өтөп жаткан тажикстандык жаран жана аткаруучулар Кыргызстандын эки жараны кармалган.

4-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы жана милициянын кайгуул кызматынын инспектору бир килограммга жакын маңзатын бекитип, таркатып жатканда кармалышкан. Мындан тышкары Баткен облусунда Ош облустук ички иштер башкармалынын үч кызматкери баңги зат соодасына аралашууга шектелип кармалган.

15-апрелде Коргоо министрлигинин эки аскер кызматкери баңгизат сатууга айыпталып кармалган.

Кыргызстанда 2020-жылы баңгизаттарына байланыштуу 795 кылмыш иш катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм баңгизатын алган. 2021-жылы 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 килограмм маңзат алынган. (JsA)

XS
SM
MD
LG