Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Түркия: уйгур коомчулугу Шинжаңдагы кыйноолорго каршы чыкты


Шинжаңдыктардын нааразылык акциясы. Стамбул шаары.
Шинжаңдыктардын нааразылык акциясы. Стамбул шаары.

Түркиядагы уйгур диаспораларынын ондогон өкүлү 4-январда Стамбулдун Башкы прокуратурасынын алдына чогулушту. Алар Шинжаңдагы туугандары Кытай бийлиги тарабынан "кордолуп, кыйноого алынып жатат" деген жүйө менен түрк прокуратурасына кайрылышты.

Түркиялык адвокат Гүлден Сөнмез 2016-жылдан бери Шинжаңда миллионго жакын уйгурларды жана башка мусулман азчылыктарды лагерлерде кармап, иштөөгө мажбурлаган кытай бийлигине эл аралык чөйрөдө алгылыктуу реакция болбой жатканын билдирди.

"Кытай Шинжаңдагы мусулмандарга системалуу түрдө геноцид жасап жатканын билебиз. Түрк сот системасы универсалдуу юрисдикцияны тааныгандыктан, бул кылмыш ишин Түркиянын Кылмыш-жаза кодексинин 13-беренесинин негизинде козгодук. Документте биз лагерлердин түрмө сыяктуу иштетилгенин көрсөткөн көптөгөн сүрөттөрдү, видеолорду, отчетторду, ал тургай кээ бир чечимдерди көрсөттүк. Бул далилдер чындыгында бардык кылмыштарды ачып бере алат. Сот жараяны башталат деген үмүттөбүз, биринчи кезекте кыйноолордун токтотулушун, анан биз айыптаган адамдардын камалышын күтөбүз".

Стамбулдун Башкы прокуратурасына жазылган арызда камакта жаткан 116 уйгурдун аты-жөнү аталат. Ошондой эле Кытайдын Коммунисттик партиясынын мүчөлөрүнө, кайра тарбиялоо лагерлеринин директорлоруна жана кызматкерлерине, жалпысынан 112 кишиге каршы арыз жазылган.

Стамбулдагы акцияга келген Медина Назими эжеси Шинжаңда төрт жылдан бери камакта экенин, андан кабар ала албай жатканын билдирди:

"Эжем Мевлүде Хилал түрк жараны болсо да төрт жылдан бери Кытайдагы лагерлерде камакта жатат. Андан кабар ала албай жүрөм. Кытай бийлиги эжем тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып жатат. 21-кылымда адам укуктары артыкчылыктуу болуп саналганы менен, 2017-жылдан бери Кытай өкмөтү лагерлерди куруп, миллиондогон адамдарды ошол лагерлерге камап, ар кандай кыйноолорду жасап жатат. Мен мындай нерсени билип туруп, унчукпай коё албайм".

Бүгүнкүгө чейин Түркия бир да уйгурду же башка мусулман качкындарын Кытайга депортациялаган эмес. Тескерисинче, Түркиядан башпаанек сураган миңдеген кытайлык уйгурларга жана башка мусулмандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, түрк жарандыгын алып, жашап жаткандар көп.

Түркияда азыр болжол менен 50 миңге жакын кытайлык уйгур качкын макамын алган деген божомол бар. Андан тышкары миңдеген шинжаңдыкка убактылуу же туруктуу жашоого уруксат берилген. Арасында Түркиянын жарандыгын алгандары дагы бар.

Режеп Тайып Эрдоган премьер-министр болуп турганда Шинжаңга болгон сапары. 2012-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган премьер-министр болуп турганда Шинжаңга болгон сапары. 2012-жыл.

Былтыр 24-ноябрда президент Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынында мүчө өлкөлөрдү Шинжаңдагы мусулман калкынын абалына кайдыгер карабоого үндөгөн эле.

"Биз Кытайдын Шинжаң уйгур автоном аймагындагы уйгурлардын жана башка мусулман азчылыктарынын абалына кылдат байкоо салып турабыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, уюмубуздун уюштуруу максаттарына ылайык, бул жаатта сезимталдыкты көрсөтөт деген үмүтүбүздү дагы бир жолу баса белгилегим келет".

Деген менен 2020-жылы декабрда расмий Бээжин Түркия менен кылмышкерлерди өз ара экстрадициялоо тууралуу келишимди ратификациялаган. Кытай менен Түркиянын ортосундагы "Кылмышкерлерди өткөрүп берүү" келишимин Кытай Элдик Конгрессинин Туруктуу комитети бир тараптуу кабыл алды. Бул келишимге 2017-жылы ошол кездеги эки өлкөнүн юстиция министрлери кол коюшкан.

Келишим бир канча жободон туруп, байкоочулар белгилегендей, негизинен уйгурлар жана башка Кытайдагы аз улуттарды ич ара экстрадициялоо маселесине такалат. Анда саясий кылмышкерлер жана Кытайдын диний себептерден улам жазалоого туш болгон жарандарын Түркия экстрадициялабайт деп жазылган. Ошондой эле келишимде Анкара кытайлык жарандарды артка кайтаруудан баш тартуусуна жол берген дагы көптөгөн учурлар камтылган.

Былтыр февралда Түркиянын оппозициячыл "Ийи" партиясы парламенте Шинжаңдагы мусулман азчылыктарга жасалып жаткан кыйноолорду "геноцид" деп таанууну сунуштаган. Бирок бир айдан кийин түрк парламентинин депутаттарынын дээрлик көпчүлүгү бул сунушту жактырышкан эмес.

Буга чейин Түркия Кытайдагы саясий лагерлерде 1 миллиондон ашык уйгур жана башка азчылык өкүлдөрү кармалып турганын билдирип, Бээжинди мындай жайларды жабууга чакырган. Ал эми Кытай Шинжаңда мусулман азчылыктарынын укугу бузулуп жатканы тууралуу Түркиянын билдирүүсүн четке каккан.

Ошондой эле 2021-жылы Түркия менен Кытай дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгын белгиледи. Кытай 20 миллиард долларлык соода көлөмү менен Түркиянын Азиядагы эң башкы соода өнөктөшү болуп келет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG