Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Алиев Арменияны тынчтык келишимине кол коюуга чакырды


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (солдо) менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (солдо) менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев эгер Ереван эки тараптуу тынчтык келишимине кол койбосо, анда Баку Армениянын аймактык бүтүндүгүн тааныбай турганын эскертти. Ал бул тууралуу 22-апрелде Тоолуу Карабактагы Суша шаарында (Шуши) өткөн Дүйнөлүк азери элинин бешинчи курултайында айтты. Ал Баку сунуш кылган тынчтык келишими Армения үчүн "жалгыз жана акыркы мүмкүнчүлүк" экенин белгиледи.

"Эгер алар четке какса, анда биз Армениянын аймактык бүтүндүгүн таануудан баш тартабыз", - деди Алиев.

Ал Армения сунушталган макулдашуунун жоболоруна буга чейин макулдугун бергенин эскертип, Ереванды тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү создуктурбоого чакырды. Азербайжан тараптын мындай билдирүүсүнө расмий Ереван азырынча жооп бере элек.

6-апрелде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Брюсселде Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен үч тараптуу сүйлөшүү өткөргөн. Анын жыйынтыгында Ереван менен Баку эки тараптуу "тынчтык келишиминин" долбоорун даярдоого киришүүнү жана чек араны демаркациялоо боюнча бирдиктүү комиссия түзүүнү макулдашканы кабарланган.

Расмий Баку тынчтык келишиминде эки өлкөнүн бири-биринин аймактык бүтүндүгүн таанышы сыяктуу беш элемент эске алынышы керектигин талап кылган. Пашинян Ереван бул шарттарды жалпысынан кабыл алышы мүмкүндүгүн билдирген.

Бирок армян оппозициясы Пашинянды Азербайжандын Тоолуу Карабакка ээлик кылуу укугун тааныды деп сындап чыгышкан. Армян тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Ереван Азербайжан менен сүйлөшүүлөрдө Карабактын макамын дагы талкуулай турганын билдирген болчу.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабактагы 2020-жылдын күзүндө болгон бир нече апталык согуштан бери тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп келет. Соңку жумаларда чек аралаш аймактарда жаңы чыңалуу жаралганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG